СҮЛҮКТҮ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Сүлүктү шаардык кенешинин (жетинчи чакырылышы) кезексиз XХХХII сессиясы
2024-жылдын 29-августу № 196
Сүлүктү шаарынын А. Кайымкулов атындагы №6 орто мектебинин базасындагы бала бакчага тосмо орнотуу үчүн жергиликтүү бюджеттин эсебинен 393 143 сом акча каражатын бөлүү жөнүндө
Сүлүктү шаарынын мэриясынын 14.08.2024ж. 01-12/2170 чыгыш сандагы А. Кайымкулов атындагы №6 орто мектебинин базасындагы бала бакчага тосмо орнотуу үчүн жергиликтүү бюджеттин эсебинен 393 143 сом акча каражатын бөлүү боюнча каты жөнүндө Сүлүктү шаардык кеӊешинин “Бюджет, экономика, инвестиция жана ишкердикти өнүктүрүү” боюнча туруктуу комиссиясынын сунуштарын угуп жана талкуулап Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Мыйзамынын 27, 34-беренесинин пунктунун негизинде Сүлүктү шаардык кеӊеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
- Сүлүктү шаарынын А. Кайымкулов атындагы №6 орто мектебинин базасындагы бала бакчага тосмо орнотуу үчүн Сүлүктү шаарынын мэриясынын алдындагы муниципалдык менчик мекемесинин 3111 беренесинен 393 143 сом акча каражатын бөлүп берүүгө макулдук берилсин
- Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы шаардык кеӊештин “Бюджет, экономика, инвестиция жана ишкердикти өнүктүрүү” боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | М.А.Кутбидинов |