Загрузка документа…
СҮЛҮКТҮ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Сүлүктү шаардык кенешинин (жетинчи чакырылышы) кезексиз XХХХII сессиясы
2024-жылдын 29-августу № 201
Сүлүктү шаарынын мэриясынын алдындагы муниципалдык менчик мекемесине “Кызыл-Бел” участкасындагы таразага 4 штаттык бирдигин кармоо үчүн айлык акысына акча каражатын бөлүп берүү жөнүндө
Сүлүктү шаарынын мэриясынын алдындагы муниципалдык менчик мекемесине “Кызыл-Бел” участкасындагы таразага 4 штаттык бирдигин кармоо үчүн айлык акысына акча каражатын бөлүп берүү жөнүндөгү каты боюнча Сүлүктү шаардык кеӊешинин “Бюджет, экономика, инвестиция жана ишкердикти өнүктүрүү” боюнча туруктуу комиссиясынын сунуштарын угуп жана талкуулап Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Мыйзамынын 27, 34-беренесинин пунктунун негизинде Сүлүктү шаардык кеӊеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Сүлүктү шаарынын мэриясынын алдындагы муниципалдык менчик мекемесине “Кызыл-Бел” участкасындагы таразага 4 штаттык бирдигин кармоо үчүн Сүлүктү шаарынын мэриясынын алдындагы муниципалдык менчик мекемесинин 2111, 2121 беренесинен 451 100 сом акча каражатын бөлүп берүүгө макулдук берилсин
2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы шаардык кеӊештин “Бюджет, экономика, инвестиция жана ишкердикти өнүктүрүү” боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | М.А.Кутбидинов |