Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН
ТОКТОМУ
2024-жылдын 19-июлу № 400
Органикалык өндүрүштү сертификаттоо маселелери жөнүндө
"Органикалык өндүрүш жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 11, 13-беренелерин ишке ашыруу максатында, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Төмөнкүлөр бекитилсин:
1) Органикалык өндүрүшкө сертификаттоо жүргүзүү тартиби жөнүндө жобо 1-тиркемеге ылайык;
2) Кепилдик катышуу эрежелери жана шарттары жөнүндө жобо 2-тиркемеге ылайык.
2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы | А.У. Жапаров |