Загрузка документа…
АЙДАРКЕН ШААРДЫК КЕНЕШИ
ТОКТОМ
2024-жылдын 31-майы № 81
Айдаркен шаарынын күн батыш тарабынан 1,44 га жер аянтын “Мамлекеттик ипотекалык компания” ачык акционердик коомуна ѳткѳрүп берүү жѳнүндѳ
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2024-жылдын 30-январындагы “Мамлекеттик турак жай саясаты чѳйрѳсүндѳ Кыргыз Республикасынын жарандары үчүн турак жай менен камсыз кылуу жана турак жай куруу механизмдерин андан ары ѳркүндѳтүү боюнча чаралар жѳнүндѳ” №10 Жарлыгына ылайык, Айдаркен шаардык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Айдаркен шаарынын күн батыш тарабынан кѳп кабаттуу үй салуу үчүн 1,44 га жер аянтын “Мамлекеттик ипотекалык компания” ачык акционердик коомуна ѳткѳрүп берүү үчүн макулдук берилсин.
2. 1,44 га жер аянтын “Мамлекеттик ипотекалык компания” ачык акционердик коомуна ѳткѳрүп берүүдѳ кѳрсѳтүлгѳн жер аянтынын мыйзамдуу экендигин тактап чыгып, ѳткѳрүп берүү жагы Айдаркен шаарынын мэри А.С.Мурзажановго жүктѳлсүн.
3. Токтомдун аткарылышын жана кѳзѳмѳлдѳѳ жагын ѳзүмѳ калтырамын.
4. Токтомду каттоодон ѳткѳрүү жагы областык Юстиция башкармалыгынан суралсын.
Төрага | А.К. Кожомбердиев |