Загрузка документа…
АЙДАРКЕН ШААРДЫК КЕНЕШИ
ТОКТОМ
2024-жылдын 3-сентябры № 87
Айдаркен шаарынын башкы планын бекитүү жѳнүндѳ
Кыргыз Республикасынын Ѳкмѳтүнүн 2017-жылдын 17-августундагы “Кыргыз Республикасынын Ѳкмѳтүнүн 2018-2025-жылдарга Кыргыз Республикасынын калктуу конуштарынын башкы пландарын иштеп чыгуу боюнча программасын бекитүү жѳнүндѳ” №490 Токтомуна ылайык, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Архитектура, курулуш жана турак-жай коммуналдык чарба мамлекеттик агенттиги Шаар куруу жана архитектура департаментинин башкы адиси Н.К.Кубанычбековдун маалыматын угуп, Айдаркен шаардык кеңешинин алдында түзүлгѳн “Ѳнѳр жай, курулуш, архитектура, жер, коммуналдык кызмат жана энергетика” маселелери боюнча туруктуу комиссиянын отурумунда, коомдук угууларда жана шаардык кеңештин сессияларында талкуулап чыгып, депутаттардын сунушун эске алуу менен Айдаркен шаардык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Айдаркен шаарынын башкы планы №1, №2 тиркемелерге ылайык бекитилсин.
2. Токтомдун аткарылышын кѳзѳмѳлдѳѳ жана аткаруу жагы Айдаркен шаардык мэриясына милдеттендирилсин.
3. Токтомду каттоодон ѳткѳрүү жагы областык Юстиция башкармалыгынан суралсын.
Төрага | А.К. Кожомбердиев |
Айдаркен шаардык кеңешинин IV-чакырылышынын 37-сессиясынын №87 токтомуна №1 тиркеме (1 баракта)
Айдаркен шаарынын ичиндеги тыгындарды жоюуу максатында.
1. Айдаркен шаарындагы борбордук базар жана автобекет шаардын күн чыгыш тарабындагы Айдаркен-Кадамжай авто унаа жолунун боюна кѳчүрүлсүн.
2. Айдаркен шаарынын аймагында жайгашкан таштанды таштоо жайы (свалка) шаардын сыртына жылдырылсын.
3. Айдаркен шаарынын Тунгуч кѳчѳсүнѳн Масалиев кѳчѳсүнѳ ѳткѳн эски жол ачылсын.
4. Миклухо-Маклая (Айбалаев), Пушкин жана Комсомольская кѳчѳлѳрү ачылсын.
5. Айдаркен кѳчѳсү менен Октябрский кѳчѳсү жана Айдаркен кѳчѳсү менен Тынчтык кѳчѳсү бириктирилсин.
Жооптуу катчы: А.О.Досболова