Загрузка документа…
АЙДАРКЕН ШААРДЫК КЕНЕШИ
ТОКТОМ
2024-жылдын 3-сентябры № 88
Айдаркен шаары үчүн Баткен облусунун 2021-2035-жылдарга ѳнүктүрүү программасына, үлүштүк дем берүүчү грантына, Кадамжай райондук ѳнүктүрүү фондуна, Баткен областык ѳнүктүрүү фондуна сунушталуучу долбоорлорго ѳздүк салым үчүн жергиликтүү бюджеттин эсебинен акча каражаттарын ажыратып берүү жѳнүңдѳ
Айдаркен шаары үчүн сунушталуучу долбоорлор жѳнүндѳ Айдаркен шаардык мэриясынын инвестиция боюнча башкы адиси Н.Касымовдун маалыматын угуп, талкуулап чыгып, Айдаркен шаардык кеңеши кезексиз 37-сессиянын протоколунун негизинде
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Айдаркен шаары үчүн сунушталуучу долбоорлоргоѳздүк салым №1-тиркемеге ылайык ажыратылып берилсин.
2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жана аткаруу жагы Айдаркен шаардык мэриясына милдеттендирилсин.
3. Токтомду каттоодон өткөрүү жагы областык Юстиция башкармалыгынан суралсын.
Төрага | А.К. Кожомбердиев |
Айдаркен шаардык кеңешинин IV-чакырылышынын 37-сессиясынын №88 токтомуна №1 тиркеме (1 баракта)
Айдаркен шаардык мэриясынын 2025-жылга Баткен облусун 2021-2035-жылдарга өнүктүрүү программасына, үлүштүк дем берүүчү грантына, Кадамжай райондук өнүктүрүү фондуна, Баткен облусун өнүктүрүү фондуна сунушталуучу долбоорлору.
№ | Долбоордун аталышы | Өздүк салым |
1 | “№20 О.Маканов атындагы орто мектебинин чатырын алмаштыруу” долбоору | 3 331 850 |
2 | “№5 Солнышко балдар бакчасына пластикалык терезе орнотуу” долбоору | 1 045 720 |
3 | “№7 Айдаркен орто мектебинин айланасын темир тосмо менен тосуу” долбоору | 147 200 |
4 | “Айдаркен шаарынын Кенчилер көчөсүнө асфальт төшөө” долбоору | 734 400 |
5 | “№20 О.Маканов атындагы орто мектебинин аянтчасына асфальт төшөө жана саркынды суу түтүкчөлөрүн орнотуу” долбоору | 150 000 |
6 | “Айдаркен шаарына БСУ (бетона сместительный узель) ишканасын ачуу” долбоору | 2 000 000 |
7 | “Айдаркен шаарынын таштанды таштоочу полигонунун айланасын еврозабор тосмосу менен тосуу” долбоору | 1 556 000 |
8 | “Тынчтык көчөсүнө асфальт төшөө”долбоору | 1 000 000 |
9 | “Айдаркен шаарындагы борбордук мончого чатыр жасап, имараттын чатырын жабуу” долбоору | 352 000 |
10 | “Асаев көчөсүнүн арыгына лоток куюуу” долбоору | 206 000 |
11 | “№19 Б.Садыков атындагы орто мектебинин пол, терезе жана эшиктерин алмаштыруу” долбоору | 1 500 000 |
Жооптуу катчы А.О.Досболова