Загрузка документа…
КОНУР-ДӨбӨ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Конур-Дөбө айылдык кеңешинин 6-чакырылышынын кезектеги 23-отуруму
2023-жылдын 16-августу №23 / 5
“Конур-Дөбө таза суу жана тазалык, көрктөндүрүү” муниципалдык ишканасынын жетекчиси Н.Асановдун билдирүүсүнүн негизинде эмгек акысын чечүү жана элдерге таза суу берүүдө суу тарифин жогорулатуу өтүнүчү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын 2011-ж.15-июль № 101 Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү мыйзамынын 31-беренесине ылайык Коңур-Дөбө айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. “Конур-Дөбө таза суу жана тазалык,көрктөндүрүү” муниципалдык ишканасынын жетекчисине эмгек акы төлөө жана суу тарифин көтөрүү жагы таза суу берүүнүн калкулациясын иштеп чыгуу, бюджетин түзүү жактары каралып чыкканга чейин мурунку Конур-Дөбө айылдык кеңешинин 22-декабрь 2021-жылдагы № 6/1 токтомунун негизинде эски тарифде иштеп туруу жагы Н.Асановго жүктөлсүн.
2. “Конур-Дөбө таза суу жана тазалык,көрктөндүрүү” муниципалдык ишканасынын таза суу берүү калкулациясын иштеп чыгуу, бюджетин түзүү жактарын тездетүү айыл өкмөт башчысы З.Каримовго милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө кеңештин туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага: | Т.Бегматов |