Загрузка документа…
|
|
|
|
| 2-тиркеме (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 19-июлундагы № 400 токтомуна) |
Кепилдик катышуу эрежелери жана шарттары жөнүндө ЖОБО
1-глава. Колдонуу тармагы
1. Ушул Жобо "Органикалык өндүрүш жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 13-беренесине ылайык иштелип чыккан жана кепилдик катышуу тутумунда (PGS) органикалык өндүрүштү жана органикалык өндүрүмдү ыктыярдуу сертификаттоонун негизги принциптерин жана эрежелерин белгилейт.
2-глава. Терминдер жана аныктамалар
2. Ушул Жобонун максаттары үчүн төмөнкү терминдер жана аныктамалар колдонулат:
1) коллегиялык баалоо - органикалык өндүрүштүн операторлору - өндүрүштүн бир жергиликтүү тобунун мүчөлөрү тарабынан жергиликтүү топтун башка мүчөлөрүн же башка жергиликтүү топтордун өндүрүштөрүн текшерүү жана баалоо процесси;
2) координациялык орган - кепилдик катышуу тутумунун (PGS) алкагында чечимдерди каттоо, координациялоо, контролдоо жана бекитүү үчүн кепилдик катышуу тутумунун (PGS) ыйгарым укуктуу органы;
3) PGS милдеттенмеси - кепилдик катышуу тутумунун (PGS) эрежелерине жана стандарттарына ылайык органикалык өндүрүштүн тутумун сактоого милдеттенген органикалык өндүрүштүн операторунун жазуу жүзүндөгү документи;
4) текшерүү - өндүрүштүн органикалык өндүрүштүн эрежелерине жана стандарттарына шайкештигин текшерүү үчүн сертификаттоо боюнча комитеттин ыйгарым укуктуу өкүлүнүн объектке баруусу;
5) керектөөчүлөр - PGSке кошулган органикалык өндүрүмдү керектөөчүлөр, жеке жактар же керектөө коомдоштуктарынын өкүлдөрү;
6) сапатты камсыздоо тутуму - өнүмгө жана/же өндүрүш процессине тиешелүү көрсөтүлгөн талаптардын макулдашылган тартипте аткарылгандыгын жана контролдонгондугун талашсыз далилдеген система.
3-глава. Жалпы жоболор
3. Кепилдик катышуу тутуму (PGS) - катышуучулары үчүнчү тараптын сертификаттоосунун алкагынан тышкары иштеген, органикалык өндүрүмдүн шайкештигин жана сапатын камсыз кылуунун жана ырастоонун өз алдынча башкаруу тутумун билдирет.
4. Өндүрүштү талдоо жана баалоо, өндүрүш процессин контролдоо, өндүрүштү сертификаттоо ички процесстер болуп саналат жана кепилдик катышуу тутумунун (PGS) түзүмдөрү жана катышуучулары тарабынан жүргүзүлөт.
5. Кепилдик катышуу тутуму (PGS) өсүмдүк өстүрүүнү, кайра иштетүүнү, мал чарбачылыгын (анын ичинде балчылыкты) кошкондо, айыл чарба ишинде колдонулат.
6. Кепилдик катышуу тутуму (PGS) ташууну жана өндүрүмдү рынокто илгерилетүү боюнча ишти кошкондо, өндүрүштөн тышкары кайра иштетүү боюнча ишке колдонулбайт.
7. Кепилдик катышуу тутуму (PGS) алар бириккен топ катары уюшууга, аракеттенүүгө мүмкүн болгон жана бир айыл аймагынын чегинде жайгашкан органикалык өндүрүштүн операторлору (фермерлер же алардын бирикмелери) үчүн гана арналган.
8. Органикалык өндүрүштүн айрым операторлору (фермерлер) же органикалык өндүрүштүн операторлорунун бештен аз сандагы органикалык өндүрүштүн операторлорунун (фермерлердин) топтору кепилдик катышуу тутумуна (PGS) кирбейт.
9. PGS сертификаттоосу органикалык өндүрүштүн операторунун же жергиликтүү топтун бардык өндүрүшүнө жана өзүнчө өнүмгө эмес, өндүрүштүн бардык өндүрүмүнө колдонулат.
4-глава. Кепилдик катышуу тутумунун (PGS) негизги принциптери
10. Кепилдик катышуу тутумунун (PGS) негизги принциптери төмөнкүлөр болуп саналат:
1) ачыктык - кепилдик катышуу тутуму (PGS) тутумдун эрежелерин тааныган, органикалык өндүрүмдү өндүрүүчүлөрдүн кирүүсү үчүн ачык;
2) ачык-айкындуулук - так аныкталган жана документтештирилген тутумдун жана операциялык процесстердин болушу;
3) көз карандысыздык - тутумда чечимдерди кабыл алуу жол-жоболору алардын өндүрүмдү өндүрүү процессин баалоо натыйжаларына кызыкдар тараптардан көз карандысыздыгын камсыз кылат;
4) айкындуулук - маанилүү негиз болуучу документтер, ошондой эле баалоо критерийлери, өндүрүмдү өндүрүү процессинин талаптары кызыкдар тараптардын, анын ичинде керектөөчүлөрдүн коомдоштуктарынын, өндүрүмдү өндүрүүчүлөрдүн, эксперттик уюмдардын өкүлдөрүнүн катышуусу менен ачык талкуулоонун жыйынтыгы боюнча кабыл алынат;
5) объективдүүлүк - кепилдик катышуу тутумундагы (PGS) чечимдер текшерилүүчү так маалыматтардын негизинде кабыл алынат;
6) ишенимдүүлүк - кепилдик катышуу тутумунун (PGS) катышуучуларынын өндүрүштүн органикалык стандарттарын сактоонун эсебинен табигый чөйрөнү коргоо жана керектөөчүлөрдүн ден соолугун камсыз кылуу боюнча бирдиктүү көз карашты жактоосу.
5-глава. Кепилдик катышуу тутумунун негизги стандарттары жана эрежелери
11. Кепилдик катышуу тутумунун (PGS) катышуучулары (өндүрүүчүлөр, керектөөчүлөр жана ар түрдүү башка тараптар) төмөнкүлөрдү аныктайт:
- органикалык өндүрүштүн эрежелери жана талаптарга шайкештик стандарттары, аларга кепилдик катышуу тутумунун (PGS) катышуучуларынын өндүрүшүн баалоо жүргүзүлөт;
- органикалык өндүрүштүн бекитилген эрежелерине жана кепилдик катышуу тутумунун (PGS) стандарттарына шайкештигинин өз критерийлери.
12. Стандарттарды, өндүрүш эрежелерин жана аларга шайкештик критерийлерин тандоо кепилдик катышуу тутумуна (PGS) катышкан негизги кызыкдар тараптар менен макулдашылат.
13. Кепилдик катышуу тутумунун (PGS) бардык кызыкдар тараптары органикалык өндүрүштүн стандарттарын тандоодо чечимдерди кабыл алуу процесстерине, бул стандарттарга шайкештик критерийлерин жана PGS тутумунун ишинин жалпы жол-жоболук эрежелерин иштеп чыгууга катышат.
14. Кепилдик катышуу тутумунун (PGS) катышуучулары тарабынан тандап алынган органикалык өндүрүштүн стандарттары PGS органикалык өндүрүшүнүн базалык стандарттары катары кабыл алынат.
15. Кепилдик катышуу тутумунун (PGS) эрежелери жана стандарттары органикалык өндүрүш чөйрөсүндөгү мыйзамдарга жана стандарттарга каршы келген ченемдерди камтыбоого тийиш.
16. Кепилдик катышуу тутумунун (PGS) эрежелеринде жана стандарттарында PGS катышуучуларына карата өндүрүлгөн органикалык өндүрүмдү керектөөчүлөрдүн алдындагы жоопкерчилигин жана катышуучулардын ар түрдүү жактардын кызыкчылыктарын козгогон иш-аракеттеринин маалыматтык ачыктыгын аныктоочу талаптар каралат.
6-глава. (PGS) катышуучулардын институттук түзүмү жана функциялары
17. Кепилдик катышуу тутумунун (PGS) институттук түзүмүн төмөнкүлөр түзөт:
1) Координациялык орган, анын түзүмүнө төмөнкүлөр кирет:
- координациялык кеңеш;
- административдик бөлүм;
- сертификаттоо боюнча комитет;
- апелляциялар боюнча комиссия;
2) жергиликтүү деңгээлде коллегиялык баалоо топтору;
3) сертификаттоо боюнча жергиликтүү топтор;
4) PGS тутумунун катышуучулары:
- локалдык жергиликтүү топтор - жергиликтүү деңгээлдеги органикалык өндүрүштүн операторлорунун бириккен топтору (фермерлердин топтору);
- аккредитацияланган сыноо лабораториялары (борборлору);
- эксперттер;
- керектөөчүлөр (керектөөчүлөр коомдоштуктарынын өкүлдөрү).
18. Кепилдик катышуу тутумун (PGS) уюштуруучулук башкаруу үчүн юридикалык жак түрүндөгү координациялык орган түзүлөт.
Координациялык органдын уюштуруучулары жана мүчөлөрү органикалык өндүрүш чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган, органикалык өндүрүмдү керектөөчүлөрдүн бирикмелери жана органикалык өндүрүмдү өндүрүүчүлөр болуп эсептелет.
19. Координациялык органдын иши кепилдик катышуу тутумунун (PGS) катышуучуларынын жыл сайын төлөнүүчү төгүмдөрүнүн жана PGS тутумундагы сертификаттоодон түшкөн каражаттардын эсебинен каржыланат.
20. Координациялык кеңештин негизги функциялары төмөнкүлөр болуп саналат:
1) кепилдик катышуу тутумунда (PGS) эрежелерди, стандарттарды, жол-жоболорду бекитүү;
2) маркетинг жана тышкы коммуникация маселелерин координациялоо;
3) апелляциялар боюнча комиссияны түзүү;
4) логотиптерди колдонуу эрежелерин жана жол-жоболорун бекитүү.
21. Координациялык органдын административдик бөлүмү документтерди башкарууну, борборлоштурулган документтерди жүргүзүүнү, текшерүүлөрдүн/инспекциялардын графиктерин көзөмөлдөөнү, бүтпөгөн документтерди жана дал келбестиктерди көзөмөлдөөнү, маалыматтар базасын жаңыртууну, PGS органикалык сертификаттарынын реестрин жүргүзөт.
22. Административдик органдын функцияларына төмөнкүлөр кирет:
1) фермерлердин/өндүрүүчүлөрдүн тобун жергиликтүү топтор катары каттоо;
2) өндүрүүчүлөрдүн кепилдик катышуу тутумуна (PGS) катышууга өтүнмөлөрүн текшерүү;
3) кепилдик катышуу тутумун (PGS) өнүктүрүү боюнча тренингдерди же иш-чараларды уюштуруу;
4) коллегиялык эксперттик баалоо отчетторун, сертификаттоо боюнча топтордун чечимдерин, жергиликтүү топтун корутундуларын текшерүү жана аларды сертификаттоо боюнча комитеттин кароосуна берүү;
5) PGS программасынын алкагында сертификатталган өндүрүмдөрдүн тизмесин өндүрүштөр жөнүндө маалымат менен жарыялоо;
6) сыноо лабораторияларына, эксперттик уюмдарга жана эксперттерге муктаждыкты аныктоо, аларды бекитилген жол-жоболорго ылайык тандоо, алар менен тиешелүү келишимдерди түзүү.
23. Сертификаттоо боюнча комитет төмөнкү функцияларды аткарат:
1) жергиликтүү топтун органикалык өндүрүштүн операторлорунун өндүрүштөрүн сертификаттоону ырастайт же четке кагат;
2) үзгүлтүксүз инспекциялык текшерүүлөрдү жүргүзүү боюнча ишти уюштурат;
3) PGS органикалык сертификатын тариздейт, каттайт жана берет;
4) берилген органикалык сертификаттардын колдонулушун токтото турат же жокко чыгарат;
5) кепилдик катышуу тутумунун (PGS) ченемдерин, эрежелерин жана стандарттарын бузгандыгы үчүн санкцияларды аныктоого катышат.
24. Жергиликтүү деңгээлдеги коллегиялык баалоо топтору органикалык өндүрүштүн операторлорунан (фермерлерден) жана керектөөчүлөрдү жана эксперттерди кошкондо, башка потенциалдуу кызыкдар тараптардан тандалат.
25. Коллегиялык баалоо тобунун курамы жергиликтүү деңгээлдеги катышуучулардын санына жараша болот, ага ылайык анда жоопкерчиликти бөлүштүрүү, жолугушуулардын жыштыгы жана зарыл болгон иш-чаралардын түрлөрү аныкталат.
26. Жергиликтүү топ кепилдик катышуу тутумунун (PGS) алкагында негизги функционалдык орган болуп саналат, анын операциялык ишине төмөнкүлөр кирет:
- топту түзүү;
- базалык маалыматтарды топтоо (өтүнмөлөрдүн формалары, PGS милдеттенмелери, өндүрүштүн тарыхынын барактары);
- координациялык органда топту каттоо;
- жергиликтүү топтун мүчөлөрүнүн (операторлордун) үзгүлтүксүз жолугушууларын жана окутуу иш-чараларын уюштуруу;
- коллегиялык эксперттик баалоо жүргүзүү графигин аныктоо;
- чечимдерди коллегиялык кабыл алуу;
- жергиликтүү топтун жыйынды отчетторун координациялык органга берүү;
- маркетинг иши ж.б.
27. Жергиликтүү топтор тарабынан сертификаттоо боюнча топтор түзүлөт, алардын курамы жергиликтүү топтун мүчөлөрүнөн турат.
7-глава. Локалдык жергиликтүү топторду түзүү жана ишин уюштуруу
28. Кепилдик катышуу тутумунун (PGS) ички эрежелери менен таанышкандан кийин кепилдик катышуу тутумунун (PGS) катышуучусу катары кирген өндүрүүчү (фермер) PGS милдеттенмесине (кепилдигине) кол коет.
29. PGS милдеттенмесине кол койгон айыл чарба өндүрүүчүлөрү (фермерлер) координациялык органга өткөн үч жыл үчүн өзүнүн айыл чарба иштери жөнүндө маалыматты берет.
30. Жергиликтүү топтор өзүнүн өндүрүштүк ишин бир айылдын же бир айыл аймагынын аймагында жүргүзгөн, органикалык өндүрүмдү өндүрүүчүлөрдүн 5 мүчөсүнөн кем эмес курамда түзүлөт.
31. Мындай өндүрүүчүлөрдүн (фермерлердин) тобу координациялык органда каттоодон өткөндөн кийин кепилдик катышуу тутумунун (PGS) жергиликтүү тобунун (мындан ары - жергиликтүү топ) статусун алат.
32. Жергиликтүү топ түзүлгөндөн жана катталгандан кийин топтун жетекчисин тандайт.
33. Катталган жергиликтүү топ алар кепилдик катышуу тутумунун (PGS) жетекчилигинде тандоо критерийлерине шайкеш келген, акыркы үч жылдагы өндүрүш тарыхын берген жана PGS милдеттенмесине кол койгон шартта жаңы мүчөлөрдү кабыл алат.
34. Жергиликтүү топтун жаңы мүчөлөрдү кабыл алуу жөнүндө чечими координациялык органга макулдашууга жиберилет.
35. Жергиликтүү топтун бир мүчөсүнүн өндүрүштүк бирдигинин өлчөмү же өндүрүшүнүн көлөмү жергиликтүү топко таандык болгон жалпы көлөмдүн же өндүрүш көлөмүнүн үчтөн биринен ашпоого тийиш.
36. Жергиликтүү топтун жетекчиси жана сертификаттоо боюнча топ бир жылдан эки жылга чейинки мөөнөткө шайланат.
37. Жергиликтүү топ квартал сайын топтун бардык мүчөлөрүнүн катышуусу менен төмөнкү маселелерди талкуулоо жана чечимдерди кабыл алуу үчүн уюштуруу жолугушууларын өткөрөт:
- өндүрүштө PGS стандарттарын ишке киргизүү;
- өндүрүштү башкаруу жана пландоо;
- өндүрүштүк маселелерди чечүү;
- топтун жумушчу жана функционалдык ишин пландоо;
- коллегиялык эксперттик баалоону жүргүзүүнү пландоо;
- эксперттик топторду түзүү;
- органикалык өндүрүмдү керектөөчүлөрдүн эксперттик топторунун курамына мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, эксперттик коомдоштуктардын өкүлдөрүн чакыруу.
38. Жолугушуулардын жазуулары жана протоколдору жергиликтүү топ тарабынан кагаз жана электрондук форматта сакталат. Документтердин маалыматтарынын электрондук форматы Координациялык органга жиберилет.
39. Жергиликтүү топ ушул жылы сертификатталышы мүмкүн болгон операторлордун (фермерлердин) өндүрүштөрүнө тиешелүү бардык негизги чечимдерди кабыл алат, жергиликтүү топтун мүчөлөрү тарабынан PGS принциптеринин жана жол-жобо эрежелеринин аткарылбаганды үчүн чара көрөт.
40. Жыл сайын жергиликтүү топ Координациялык органга өндүрүштү баалоо менен жергиликтүү топтун өндүргөн өндүрүмү жөнүндө жылдык отчетту берет.
8. Кепилдик катышуу тутумунун (PGS) документтештирилген жол-жоболору
41. Кепилдик катышуу тутумунун (PGS) ачык-айкындуулугуна, ырааттуулугуна жана калыс иштөөсүнө жетүү максатында бардык негизги процесстер жана жол-жоболор документтештирилет.
42. Принциптер жана баалуулуктар уставда, стандарттарда, ченемдерде, коомдук чогулуштарда жана өндүрүүчүнүн - органикалык өндүрүштүн операторунун (фермердин) милдеттенмелеринде берилиши мүмкүн.
43. Кепилдик катышуу тутумунун (PGS) документтери төмөнкүлөрдү камтыйт:
1) кепилдик катышуу тутумунун (PGS) стандарттары жана эрежелери - стандарттын толук стандарты жана кыскача резюмеси;
2) маалыматтар базасы - катышуучулардын тизмеси, алардын статусу, өндүрүмдүн ассортименти; ар бир өндүрүш - өндүрүмдүүлүгү, тарыхы, кубаттуулук өлчөмү ж.б. жөнүндө толук маалымат;
3) өндүрүүчүнүн милдеттенмеси же берилгендиги жөнүндө декларация - оператордун өндүрүшү, башкаруу планы, технологиялар жөнүндө маалыматтарды жана жазууларды айкалыштыруу менен;
4) PGS боюнча методология, нускама - шайкештик критерийлери, органикалык кепилдик процесси жана механизмдери (статусту/логотипти алуу жана белгини/логотипти колдонуу боюнча кадамдар), сактабагандыгы үчүн санкциялар, тутумдун негизги катышуучуларынын ролдору жана милдеттери, эксперттик баалоо шаблону (өндүрүштү инспекциялоо).
44. Органикалык өндүрүштүн операторлору кепилдик катышуу тутумунун (PGS) алкагында белгиленген эсепке алууну жана талап кылынган документтерди жүргүзүүгө милдеттүү.
45. Тутумда колдонулган негизги документтердин формалары кепилдик катышуу тутумунун (PGS) документтештирилген жол-жоболорунда камтылган.
46. Органикалык өндүрүштүн операторунда (фермерде) же органикалык өндүрүштүн операторлорунун жергиликтүү тобунда коллегиялык эксперттик баалоо, инспекциялык текшерүү учурунда көрсөтүлүүгө тийиш болгон жана төмөнкүлөрдү камтыган документтердин комплекти болууга тийиш:
- өндүрүштүн, өндүрүш аянттарынын карталары жана/же чиймелери;
- өндүрүштө колдонулган компоненттердин бардык сатып алууларынын жазуулары;
- өндүрүштүк контролдоо жана берилген өндүрүмдү эсепке алуу жазуулары.
47. Жазуулар эксперттерге, инспекторлорго жана баалоочуларга түшүнүктүү болгон жана сатып алуулардын, өндүрүштүн жана өндүрүмдү берүүнүн бүтүндүгүнө так далилди берген шартта оператордун/жергиликтүү топтун административдик мүмкүнчүлүктөрүнө шайкеш келген каалаган форматта болушу мүмкүн.
9-глава. Кепилдик катышуу тутумунда (PGS) текшерүүлөрдү жана баалоону жүргүзүү тартиби
48. Кепилдик катышуу тутумунда (PGS) өндүрүштү сертификаттоо максатында өндүрүштү текшерүү жана баалоо процесси төмөнкү негизги жол-жоболорду камтыйт:
1) өндүрүшкө коллегиялык эксперттик баалоо жүргүзүү;
2) жергиликтүү топтун өндүрүшүн талдоо жана баалоо;
3) сертификаттоо боюнча топ тарабынан коллегиялык эксперттик баалоонун натыйжаларына талдоо жүргүзүү жана сертификаттоо боюнча сунуштамаларды түзүү;
4) сертификаттоо боюнча топ тарабынан жергиликтүү топтун жыйынды барагын толтуруу жана кол коюу;
5) жергиликтүү топ тарабынан коллегиялык эксперттик баалоонун натыйжаларын, сертификаттоо боюнча топтун сунуштамаларын кароо жана өндүрүштүн PGS критерийлерине шайкештиги жөнүндө корутундуну чыгаруу;
6) жергиликтүү топтун корутундусун координациялык органга жиберүү;
7) сертификаттоо боюнча комитет тарабынан жергиликтүү топтун корутундусун, эксперттик топтун жана сертификаттоо боюнча топтун отчетторун кароо;
8) кепилдик катышуу тутумунун (PGS) алкагында сертификаттоо боюнча комитет тарабынан жергиликтүү топтун мүчөлөрүнүн өндүрүштөрүн сертификаттоо боюнча жергиликтүү топтун корутундусун ырастоо же четке кагуу;
9) органикалык сертификатты тариздөө жана каттоо;
10) органикалык сертификатты жергиликтүү топко жиберүү;
11) сертификаттоо боюнча комитеттин органикалык сертификатты берүүдөн баш тартуу жөнүндө чечими менен макул болбогон учурда апелляциялык комиссияга жергиликтүү топтун арызын жиберүү;
12) апелляциялык комиссиянын чечими;
13) органикалык өндүрүштүн эрежелеринин жана стандарттарынын талаптарынын сакталышын контролдоо (инспекциялык текшерүүлөрдү жүргүзүү).
49. Коллегиялык эксперттик баалоо Координациялык орган тарабынан бекитилген эксперттик баалоонун стандарттык формаларынын негизинде жүргүзүлөт.
50. Эксперттик баалоонун толтурулган формаларына коллегиялык эксперттик баалоо тобунун бардык мүчөлөрү жана өндүрүшүн баалоо жүргүзүлгөн оператор (өндүрүүчү, фермер) кол коет.
51. Сертификаттоо боюнча топ коллегиялык эксперттик баалоонун натыйжаларынын кепилдик катышуу тутумунун (PGS) белгиленген талаптарына жана жол-жоболоруна ылайык колдонулган методдорго жана документтерге шайкештигин текшерет.
52. Эксперттик баалоонун бардык формалары текшерилгенден, коллегиялык эксперттик баалоонун натыйжалары талкуулангандан жана эксперттик топтун сунуштамалары кабыл алынгандан кийин сертификаттоо боюнча топ:
1) жергиликтүү топтун жыйынды барагын толтурат жана ага кол коет;
2) жергиликтүү топтун мүчөлөрүнүн ар бир өндүрүшү үчүн сертификаттоонун тиешелүү статусун сунуштайт.
53. Жергиликтүү топтун корутундусу коллегиялык эксперттик баалоонун отчеттук материалдары жана сертификаттоо боюнча комитеттин сунуштары менен бирге координациялык органга жиберилет.
54. Координациялык орган коллегиялык эксперттик баалоонун отчетторун, сертификаттоо боюнча топтордун чечимдерин, жергиликтүү топтордун чечимдерин текшерет жана бул материалдарды сертификаттоо боюнча комитетке берет.
55. Сертификаттоо боюнча комитет коллегиялык эксперттик баалоо топторунун отчетторуна, сертификаттоо боюнча топтун, жергиликтүү топтун чечимдерине талдоо жүргүзөт жана PGS сертификаттоосун бекитет же четке кагат.
56. Сертификаттоо боюнча комитеттин жергиликтүү топтун корутундулары боюнча каршы пикирлери болгон учурда, жергиликтүү топко кепилдик катышуу тутумунун (PGS) алкагында сертификаттоо жол-жоболорунун белгиленген критерийлерине шайкеш келбөөнү оңдоо үчүн түзөтүү иш-аракеттерин жүргүзүү боюнча сунуштар жиберилет.
57. Жергиликтүү топ түзөтүү иш-чаралары аткарылгандан кийин сертификаттоо боюнча корутундуну жана отчеттук материалдарды кайрадан кароого киргизе алат.
58. PGS баалоого жана сертификаттоого тиешелүү бардык документтер, отчеттук материалдар координациялык органда сакталат. Документтердин электрондук варианттары координациялык орган тарабынан кепилдик катышуу тутумунун (PGS) маалымат базасында сакталат.
59. Органикалык өндүрүштүн бардык операторлору, органикалык өндүрүмдү өндүрүүчүлөр - кепилдик катышуу тутумунун (PGS) катышуучулары жыл сайын баалоо жол-жобосуна жана кабарлоо мезгилине негизделген мурдагы баалоодон кийин 18 айдын ичинде тутумдун эрежелерине жана стандарттарына шайкештигине баалоодон өтөт.
60. Сертификаттоо боюнча комитет тутумдун катышуучуларынын органикалык өндүрүштөрүн тандап инспекциялык текшерүүлөрдү жүргүзүүгө жана лабораториялык сыноолорду жүргүзүү максатында органикалык өндүрүштүн үлгүлөрүн тандоого укуктуу.
61. Координациялык орган инспекциялык текшерүүлөрдү жүргүзүүгө негизделген PGS катышуучуларынын органикалык өндүрүшүнө мониторинг жүргүзүү механизмдерин белгилейт.
62. Мыйзамдарда белгиленген тартипте аккредитацияланган сыноо лабораториялары (борборлору) сертификаттоо боюнча иштерди жүргүзүүдө сыноолорду жүргүзүү зарыл болгон учурда Координациялык орган тарабынан келишимдик негизде ишке тартылат.
63. Сертификаттоо боюнча комитет жергиликтүү топтун өндүрүштөрүн же органикалык өндүрүштүн айрым операторлорун сертификаттоону бекитүү жөнүндө чечимди төмөнкү учурларда чакыртып алышы мүмкүн:
- алар тарабынан инспекциялык текшерүүлөрдүн жыйынтыгы боюнча аныкталган органикалык өндүрүштүн бүтүндүгүнө таасир этиши мүмкүн болгон органикалык өндүрүштүн эрежелеринин, стандарттарынын талаптарынын сактабагандыгы;
- лабораториялык сыноолор протоколунун терс жыйынтыгы.
64. Сертификаттоо боюнча комитет жыл сайын кепилдик катышуу тутумунун (PGS) алкагында мониторингдин жана сертификаттоонун натыйжалары жөнүндө отчетторду координациялык кеңешке берет.
65. Сертификаттоо тарыхын жана чечимдерин кошкондо, сертификаттоо жөнүндө маалымат эгер бул PGS катышуучуларынын купуялуулугун жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын бузбаса, жалпыга ачык жайгаштырылат.
66. Координациялык орган жана кепилдик катышуу тутумунун (PGS) катышуучулары коомчулуктун жана кызыкдар тараптардын сертификаттоо жана органикалык өндүрүш жөнүндө маалыматтарды алуусун камсыз кылууга тийиш.
10-глава. Органикалык сертификаттоо статусу жана сертификаттын жарактуулук мөөнөтү
67. "Органикалык өндүрүш" статусу анда өндүрүштү жүргүзүүнүн органикалык ыкмалары колдонулган жана органикалык өндүрүшкө өтүү жөнүндө чечим кабыл алынган учурдан тартып 36 ай өткөндө талап кылынган жол-жоболор сакталган шартта өндүрүшкө ыйгарылат.
68. PGS органикалык сертификатынын жарактуулук мөөнөтү 12 айды түзөт, ал мезгил-мезгили менен жүргүзүлгөн эксперттик баалоолордун жана инспекциялык текшерүүлөрдүн жыйынтыгы боюнча дайыма жаңыланат.
69. Органикалык өндүрүштүн операторлору (фермерлер) PGS жеке органикалык сертификаттарына ээ болот жана өз продукциясын өз алдынча жана өзүнүн атынан сатат.
11-глава. Кепилдик катышуу тутумунун (PGS) катышуучуларынын потенциалын жогорулатуу
70. Координациялык орган кепилдик катышуу тутумунун (PGS) катышуучуларынын потенциалын жана маалымдуулугун жогорулатуу максатында тренингдерди жана окутуу иш-чараларын уюштурат.
71. Координациялык орган жана тутумдун катышуучулары жергиликтүү топтордун мүчөлөрүн окутууга жана өнүктүрүүгө колдоо көрсөтөт.
72. Окутуу органикалык өндүрүш стандарттары жана эрежелери жана кепилдик катышуу тутумунун (PGS) жол-жоболук талаптары жөнүндө билимди жаңыртууну камтыйт.
73. Катышуучулардын потенциалын жогорулатуу боюнча иш-чараларды өткөрүү программасы жыл сайын координациялык кеңеш тарабынан бекитилет.
74. Координациялык орган тарабынан уюштурулган окутуу иш-чараларына, демонстрацияларга жана тренингдерге кошумча катары жергиликтүү топтор квартал сайын өзүнүн мүчөлөрү үчүн окутуу иш-чараларын өткөрөт.
75. Тажрыйба алмашуу жана органикалык өндүрүш, кайра иштетүү, маркетинг, сертификаттоо жаатындагы катышуучулардын потенциалын жогорулатуу максатында башка айыл аймактарынын иш тажрыйбасы көп органикалык өндүрүш операторлорун, органикалык өндүрүш чөйрөсүндөгү жана кепилдик катышуу тутумун (PGS) өнүктүрүү жаатындагы эксперттерди, мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жана башка уюмдардын адистерин чакыруу менен форумдар уюштурулат.
76. Жергиликтүү топтордун жетекчилери окутуу иш-чараларында же уюштуруу жолугушууларында жергиликтүү топтордун мүчөлөрүн төмөнкүлөрдү камтыган документтик материалдар менен камсыздайт:
1) органикалык стандарттардын жана PGS органикалык өндүрүшүнүн эрежелеринин негизги талаптары;
2) кепилдик катышуу тутумунун (PGS) жол-жоболорунун негизги жоболору;
3) PGS тутумунда органикалык өндүрүштү сертификатоо жол-жоболору.
77. Координациялык орган жана тутумдун катышуучулары сертификаттоо жол-жоболорун, органикалык өндүрүштүн стандарттарын жана жалпысынан кепилдик катышуу тутумун (PGS) жакшыртуу максатында бардык кызыкдар тараптар, мамлекеттик органдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, илимий жана эксперттик коомдоштуктар менен туруктуу негизде өз ара аракеттенет.
12-глава. Кепилдик катышуу тутумуна (PGS) катышууну токтото туруу жана токтотуу
78. Жергиликтүү топтун мүчөлөрү жергиликтүү топтун ишине активдүү катышууга, кепилдик катышуу тутумунда (PGS) бекитилген органикалык өндүрүштүн стандарттарын жана эрежелерин сактоого милдеттүү.
79. Органикалык өндүрүштүн операторлору (фермерлер) органикалык өндүрүштүн сапатын колдоого, ошондой эле өндүрүштүн жана өндүрүмдүн органикалык статусуна шек келтирген бузууларды жоюу боюнча чараларды көрүүгө милдеттүү.
80. Жергиликтүү топ төмөнкү учурларда органикалык өндүрүштүн операторунун (фермердин) мүчөлүгүн токтото турушу же токтотушу мүмкүн:
- органикалык өндүрүштүн эрежелерин бузуу;
- кепилдик катышуу тутумунун (PGS) стандарттарынын эрежелерин жана талаптарын, операциялык жол-жоболорун этибар албоо;
- өткөрүлгөн окутуу иш-чараларын, уюштуруу жолугушууларын жана жергиликтүү топтун жыйналыштарын этибар албоо.
81. Жергиликтүү топтун четтетилген мүчөсү кепилдик катышуу тутумунда (PGS) белгиленген бардык талаптарды сактоо жөнүндө жазуу жүзүндөгү милдеттенмелеринин шартында топко кайра кабыл алынышы мүмкүн.
82. Жергиликтүү топтун жаңы кабыл алынган мүчөсү кепилдик катышуу тутумунун (PGS) жаңы катышуучусу катары каралат, жаңы PGS милдеттенмесине кол коет жана аны сертификаттоо статусу PGS сертификаттоонун стандарттык жол-жоболоруна ылайык аныкталат.
83. Мүчөлүгү критикалык эмес бузуудан улам токтотулган ар бир мүчө кепилдик катышуу тутумуна (PGS) анын катышуусу токтотулган учурдан тартып бир календардык жылдан кийин аны кепилдик катышуу тутумуна (PGS) кабыл алуу жана жергиликтүү топтогу мүчөлүгүн калыбына келтирүү үчүн өтүнмөнү кайрадан бере алат. Ошол эле учурда мурдагы бардык бузуулар жараксыз деп таанылат, ал эми өтүнмө жаңы PGS катышуучусунун өтүнмөсү катары бааланат.
13-глава. Апелляциялык жол-жоболор
84. Координациялык орган апелляцияларды жана даттанууларды кароо үчүн системалуу жол-жоболорду бекитет.
85. Даттанууларды кароо жол-жоболору ачык жана ачык-айкын болуп саналат.
86. Талаш-тартыштар бардык кызыкдар тараптардын катышуусу менен адилеттүү жана калыс негизде чечилет.
87. Кепилдик катышуу тутумунун (PGS) кайсы болбосун катышуучусу, органикалык өндүрүштүн операторлору, жергиликтүү топтор кепилдик катышуу тутумунун (PGS) координациялык органынын бардык процесстери жана катышуучуларынын, бөлүмдөрүнүн чечимдери боюнча координациялык органдын апелляциялык комиссиясына апелляцияны же даттанууну берүүгө укуктуу.
88. Апелляциялар апелляциялык комиссия тарабынан каралат жана анын чечимдери координациялык орган тарабынан бекитилет.
14-глава. PGS логотибин маркалоо жана колдонуу
89. Кепилдик катышуу тутуму (PGS) боюнча сертификатталган өндүрүм анын органикалык статусун ырастаган маркировканы колдонууга укуктуу.
90. Сертификаттоо боюнча комитеттен сертификаттоону бекитүү алынгандан кийин, органикалык өндүрүштүн оператору жана жергиликтүү топ сертификатталган PGS өндүрүмүнүн таңгагында же контейнерлеринде PGS логотибин колдонот.
91. PGS алкагында сертификатталган өнүмдөр органикалык сертификатта көрсөтүлгөн уникалдуу идентификациялык код менен бирге PGS логотиби менен маркаланышы мүмкүн.
92. Кепилдик катышуу тутумунун (PGS) катышуучулары колдонулган стандарттарга ылайык өзүнүн органикалык өндүрүмдөрүн маркалоо жана илгерилетүү боюнча талаптарды сактоого тийиш.