Загрузка документа…
КАРАКОЛ ШААРДЫК КЕНЕШИ
ТОКТОМ
Каракол шаардык Кенешинин XXVIII чакырылышынын XXXXV сессиясы
2024-жылдын 25-июнундагы №28-45/12
Фрунзенская кѳчѳсʏн Жумай Жылкыбаев атындагы кѳчѳсʏ деп ѳзгѳртʏʏ жѳнʏндѳ
Каракол шаарынын №2 аймактык башкармалыгынын, Фрунзенская кѳчѳсʏнʏн жашоочуларынын жыйналыштарынын протоколдорун карап жана талкуулап, мыйзамдуулукту сактоо, укук тартиби, ММКлар жана коомчулук менен иш алып баруу, депутаттык адеп жана депутаттык ишкердʏʏлʏк боюнча туруктуу комиссиясынын корутундусун эске алуу менен, Каракол шаардык Кенешинин XXVIII чакырылышынын XXXXV сессиясы
токтом кылат:
1. Фрунзенская кѳчѳсʏ, Жумай Жылкыбаев атн. кѳчѳ деп аталсын.
2. Демилгелʏʏ топ:
-кѳчѳнʏ кѳрктѳндʏрʏʏ, жашылдандыруу иштерине ар тараптан кѳмѳк кѳрсѳтʏшсʏн;
-“Каракол шаарынын линиялык жана локалдык транспорттук обьектилерин, кѳчѳлѳргѳ, аянттарга жана башка аймактарга ат коюунун, атын ѳзгѳртʏʏнʏн жана жаңы ысымдарды ыйгаруу тартиби жѳнʏндѳ” Жобонун 10,11-беренесинин бардык зарыл болгон талаптарын аткарсын.
3. Бул токтом ушул токтомдун 2-пункту аткарылгандан кийин кʏчʏнѳ кирет.
4. Бул токтом Мамлекеттик ченемдик укуктук актыларынын реестрине киргизʏʏ ʏчʏн
областтык юстиция башкармалыгына жиберилсин.
5. Токтом ММКларга жарыялангандан кийин кʏчʏнѳ кирет.
6. Токтомдун аткарылышына кѳзѳмѳл жʏргʏзʏʏ мыйзамдуулукту сактоо, укук тартиби,
ММКлар жана коомчулук менен иш алып баруу, депутаттык адеп жана депутаттык
ишкердʏʏлʏк боюнча туруктуу комиссиясына жана Каракол шаарынын биринчи-вице
мэрине жʏктѳлсʏн.
Тѳрага Т.Ж.Акимканов