Загрузка документа…
1-тиркеме
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 13-сентябрындагы № 560
токтому менен бекитилген
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин
“2024–2028-жылдарга Кыргыз Республикасынын
ветеринардык кызматын өнүктүрүү”
программасы
1. Жалпы жоболор
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин “2024–2028-жылдарга Кыргыз Республикасынын ветеринардык кызматын өнүктүрүү” программасы (мындан ары – Программа) узак мөөнөттүү максаттар жана милдеттер менен өз ара байланышта келечекте Кыргыз Республикасынын ветеринардык кызматын өркүндөтүүнүн артыкчылыктарын жана негизги шарттарын аныктайт.
Кыргыз Республикасынын ветеринардык кызматынын негизги стратегиялык багыттары төмөнкүлөр болуп саналат:
– жаныбарлардан алынган тамак-аш продукциясын өндүрүүнүн сапатын жана коопсуздугун жогорулатуу;
– Кыргыз Республикасынын экспорттук потенциалын жогорулатуу жана жаныбарлардын ден соолугун коргоо;
– ветеринардык саламаттык сактоону жакшыртуу.
Ветеринардык кызматты өнүктүрүүнүн артыкчылыктуу багыттары мүчө өлкөлөрдүн аймактарынын бакубаттуулугун камсыз кылууга, адамдын жана жаныбарлардын ден соолугун коргоого, дүйнөдө биологиялык түрдүүлүктү жана экологиялык тең салмактуулукту сактоого тартылган эл аралык уюмдардагы анын мүчөлүгүнүн алкагында кабыл алынган милдеттенмелерден келип чыгат.
Ветеринардык кызматты өнүктүрүүнүн артыкчылыктарын аныктоочу фактор Кыргыз Республикасынын Евразия экономикалык бирлигине (мындан ары – ЕАЭБ) кирүүсү болуп саналат.
ЕАЭБдин алкагында ветеринардык кызмат Кыргыз Республикасынын тамак-аш коопсуздугун камсыз кылуу үчүн ЕАЭБдин механизмдерин жана стандарттарын ишке киргизүү боюнча зарыл болгон иштерди жүзөгө ашырат.
2. Учурдагы кырдаалды талдоо
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекция 2021-жылы кайра уюшулгандан кийин Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигине караштуу Ветеринардык кызмат (мындан ары – ветеринардык кызмат) болуп Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинин курамына кирген.
Азыркы учурда ветеринардык кызматтын борбордук аппараты өзүнө ветеринардык көзөмөл башкы башкармалыгын, жаныбарларды жана жаныбарлардан алынган продуктуларды идентификациялоо, көзөмөлдөө башкармалыгын жана эпизоотияга каршы көзөмөл башкармалыгын жана бир нече профилдик бөлүмдөрдү камтыйт.
Аймактык бөлүмдөр:
А) 44 шаардык жана райондук ветеринардык башкармалык;
Б) 24 чек аралык ветеринардык контролдоо пункттары (мындан ары – ЧВКП), анын ичинде:
6 – ЕАЭБ менен ички чек араларда;
5 – темир жол пункттары;
2 – эл аралык аэропорттор;
1 – тышкы чек араларда;
В) 6 убактылуу сактоочу кампа;
Г) 3 ички ветеринардык контролдоо пункттары.
Мындан тышкары ветеринардык кызмат ведомстволук мекемеде – Ветеринардык диагностика жана экспертиза борборунда (мындан ары – ВДЭБ) тамак-аш продукциясынын коопсуздугуна мамлекеттик мониторинг жүргүзөт.
Азыркы учурда ВДЭБ республика боюнча 29 түзүмдүк бөлүмдү жана филиалды камтыйт, филиалдар серологиялык изилдөөлөрдү гана жүргүзөт:
– ВДЭБнын түштүк регион боюнча өкүлчүлүгү;
– 8 зоналык ветеринардык лаборатория;
– 9 райондук ветеринардык лаборатория;
–11 филиал;
ВДЭБда төмөнкү бөлүмдөр бар:
– бактериология жана лептоспироз бөлүмү;
– паразитология бөлүмү;
– химия-токсикология жана ветеринардык-санитардык экспертиза бөлүмү;
– серология бөлүмү;
– вирусология жана молекулярдык диагностика бөлүмү;
– эпидемиология бөлүмү (үлгүлөрдү кабыл алат).
ВДЭБнын үч бөлүмү: химия-токсикология жана ветеринардык-санитардык экспертиза бөлүмү, серология бөлүмү, вирусология жана молекулярдык диагностика бөлүмү Кыргыз Республикасынын аккредитациялоо улуттук системасында аккредитацияланган. Бирок аккредитациялоо тармагы ЕАЭБдин техникалык регламенттеринин талаптарына ылайык бардык көрсөткүчтөр боюнча балык жана балык продукцияларына лабораториялык изилдөөлөрдү жүргүзүүнү камтыбайт.
Лабораторияны аккредитациялоо тармагына төмөнкү көрсөткүчтөргө тамак-аш продукциясына изилдөө жүргүзүү үчүн методдор киргизилген:
– аккредитациялоо тармагынан тышкары лаборатория паразитологиялык изилдөөлөрдү, ошондой эле жакшы сакталышын – аммиакка сапаттуу реакцияны изилдөөнү жүргүзөт;
– лаборатория жаныбарлардан алынган сырьену – этти, балыкты жана чийки сүттү жана жаныбарлардан алынган даяр тамак-аш продукциясын гана изилдөөнү жүргүзөт, саркынды сууларды изилдөө жүргүзүлбөйт.
Туруктуу эпизоотиялык бакубаттуулукту камсыздоо максатында 2023-жылы биопрепараттарды сатып алуу үчүн республикалык бюджетте 89,6 млн сом каралган. Бул каражаттар жаныбарлардын 9 ылаңына (шарп, ири мүйүздүү майда малдын чумасы, кой жана эчкинин чечеги, күйдүргү, кутурма, кургак учук, жылкылардын сап оорусу, бруцеллез, эхинококкоз) каршы вакциналарды жана диагностикумдарды сатып алууга жумшалат. Каражаттардын бир бөлүгү лабораториялык диагностикумдар, реактивдер жана тесттер менен камсыз кылууга багытталат.
Мамлекеттик каражаттарды натыйжалуу пайдалануу үчүн Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 23-майындагы № 374 “Диагностикалык изилдөөлөр, профилактикалык эмдөөлөр жана жок кылуу боюнча иш-чаралар республикалык бюджеттин каражаттарынан каржыланчу ылаңдардын тизмесин бекитүү жөнүндө” токтомуна жаныбарлардын ылаңдарын приориттештирүү жана өлкө үчүн тобокелдиктерди талдоонун негизинде алардын тизмегин кайра кароо боюнча өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү боюнча иштер башталган.
Мындан тышкары жыл сайын жаныбарлардын санын, аймактын эпизоотиялык абалын эске алуу менен эпизоотияга каршы иш-чаралар планы бекитилет. Эпизоотияга каршы иш-чаралар планына ылайык бардык зарыл болгон иш-чаралар жүргүзүлүүдө.
Бруцеллез боюнча стабилдүү абалга жетүү максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциянын 2018-жылдын 31-декабрындагы № 262 буйругу менен 2019–2023-жылдарга Кыргыз Республикасында бруцеллезго каршы күрөшүүнүн стратегиялык планы бекитилген.
Кыргыз Республикасынын аймагында бодо мал гана шарп оорусуна каршы иммунизацияланат, анткени бул жаныбарлар ооруга сезгичтигинен улам индикатор болуп саналат.
Жыл сайын ДЖДУ лабораториясынын референсине шайкештик сертификаттары менен ырасталган милдеттүү резерв менен шарпка каршы сапаттуу жана жогорку натыйжалуу вакцинаны сатып алуу камсыз кылынат.
Бодо малдын шарп ылаңына каршы вакцинациялоо төмөнкүдөй жүргүзүлөт: ири популяция (бодо мал) – жылына 2 жолу; 3 айдан 18 айга чейинки жаш мал – вакцинациялоо схемасы боюнча ар бир 3 айда.
Ошондой эле шарпка серологиялык жана вирусологиялык текшерүү жүргүзүү максатында жаныбарлардын иммунизацияланган башына иммунитеттин чыңалуусуна мониторинг жүргүзүлөт.Иммундук статусту аныктоо үчүн эпидемиологиялык топтун деңгээлинде иммундук статусту баалоо ыкмасы колдонулат. Кыргызстандын аймагында ДЖДУ кодексинин талаптарына ылайык активдүү байкоо жүргүзүүнүн алкагында популяциялык иммунитеттин деңгээлин аныктоо үчүн жыл сайын 6–12 айдан, 12–24 айдан, > 24 айдан баштап бодо малдын арасында шарптын SP вирусунун түзүмдүк белокторун серологиялык изилдөө жүргүзүлөт.
Бодо малдын шарпка иммунитетинин чыңалуусу
Малдын түрү | 2022-жыл-дагы план (миң баш) | 2022-жылы изил-денди (миң баш) | Иммундук | Орточо иммунитет | % | |||||
А тиби | % | О тиби | % | Азия-1 тиби | % | |||||
Бодо мал | 3,2 | 3,2 | 2114 | 65,1 | 2447 | 75,4 | 2431 | 74,9 | 2331 | 71,8 |
Бодо малдын кургак учук ылаңы боюнча акыркы 20 жылда кургак учук жана паратуберкулез аныкталган эмес. Буга карабастан кургак учукка аллергиялык изилдөөлөр пландуу режимде, өзгөчө сүт фермаларында жүргүзүлүүдө.
2022-жылы республика боюнча изилденген бодо мал
Малдын түрү | 2022-жылдагы план (миң баш) | 2022-жылы аткарылды (миң баш) | % | Анын ичинен ооруга чалдыккан |
Кургак учукка бодо малды аллергиялык изилдөө | ||||
Уйлар | 294,2 | 198,2 | 67 | 0 |
Лейкозго бодо малды серологиялык изилдөө | ||||
Уйлар | 26,9 | 22,8 | 85 | 0 |
2023-жылдын июль айында ветеринардык кызмат тарабынан расмий чакырылган ДЖДУнун эксперттери Кыргыз Республикасындагы ветеринардык кызматтын абалына жана ветеринардык иштин уюштурулушуна баалоо жүргүзгөн.
ДЖДУга мүчө өлкөлөрдүн ветеринардык кызматтарын баалоо ДЖДУ тарабынан иштелип чыккан методологияга, жаныбарлардын ылаңдарын контролдоо жана адамдардын, жаныбарлардын ден соолугун коргоо боюнча ДЖДУнун талаптарына ылайык келтирүү боюнча жаңы концептуалдык ыкма катары көрүү, аткаруу жана стратегия (мындан ары – КАС) боюнча баалоого ылайык жүргүзүлөт.
ДЖДУ миссиясынын эксперттери тарабынан белгиленгендей, республиканын мамлекеттик ветеринардык кызматы өткөн жүз жылдыктын ортосунда болгон түзүмгө ээ жана мал чарбачылыгын өнүктүрүүнүн азыркы этабында натыйжалуу ишти камсыз кылбайт.
Кыргыз Республикасынын ветеринардык кызматын өнүктүрүүнүн 2024–2028-жылдарга карата стратегиялык планы (мындан ары – Стратегиялык план) Кыргыз Республикасынын ветеринардык кызматын мындан ары өнүктүрүү үчүн комплекстүү жана узак мөөнөттүү программанын негизи катары ДЖДУ миссиясынын сунуштамасы боюнча иштелип чыккан.
3. Программанын максаттары жана милдеттери
Ушул Программанын максаттары өлкөнүн жаныбарларынын ден соолук статусун жакшыртуу жана мал чарбачылыгынын продуктуларынын коопсуздугу, ветеринардык саламаттыкты жакшыртуу жана мал чарбачылык секторунун атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн жогорулатуу болуп саналат, бул ички рынокту жакшы аныктоого жана Кыргыз Республикасынын мал чарбачылык продукциясынын экспорттук потенциалын жогорулатууга мүмкүндүк берет.
Программанын негизги милдеттери болуп төмөнкүлөр саналат:
– жаныбарлардын ден соолугун адам жана жаныбарлар үчүн жалпы илдеттерден коргоо жана эпизоотиялык бакубаттуулукту камсыз кылуу;
– Кыргыз Республикасынын аймагын жаныбарлардын жугуштуу жана экзотикалык ылаңдарынын киришинен жана жайылышынан коргоо;
– жаныбарлардан жана өсүмдүктөрдөн алынган продуктулардын, чийки заттардын, ветеринардык дары каражаттарынын, тоюттардын жана тоют кошулмаларынын коопсуздугун контролдоо;
– жаныбарлардын ылаңдарын диагностикалоонун жана ага каршы күрөшүүнүн заманбап, илимий жактан негизделген методдорун иштеп чыгуу жана пайдалануу;
– эпизоотияга каршы иш-чараларды өз убагында өткөрүү;
– ветеринардык илимди, базалык жана үзгүлтүксүз ветеринардык билим берүүнү өнүктүрүү.
4. Программаны ишке ашыруу боюнча чаралар
Ушул Программада ветеринардык кызматтын ишинин сапатын өнүктүрүү (жакшыртуу) үчүн төмөнкүдөй негизги багыттар аныкталган:
– Кыргыз Республикасынын ветеринардык мыйзамдарын өркүндөтүү жана аны ЕАЭБдин, ДЖДУнун ветеринардык-санитардык талаптары менен шайкеш келтирүү;
– ветеринардык кызматты өркүндөтүү;
– ветеринардык сыноо лабораторияларын оптималдаштыруу жана модернизациялоо;
– ветеринардык көзөмөлдү (контролду) күчөтүү;
– Кыргыз Республикасынын экспорттук потенциалын жогорулатуу;
– жаныбарлардын ветеринардык коомдук саламаттыгын өнүктүрүү;
– чарбалардын жогорку санитардык статусунун эсебинен мал чарбачылыгын өнүктүрүүнү колдоо;
– ХАССП методун киргизүү;
– эл аралык стандарттарга ылайык тамак-аш продукциясын сертификаттоо процессин жакшыртуу;
– ветеринардык дары каражаттарын, тоюттарды жана тоют кошулмаларын сарамжалдуу пайдаланууну камсыз кылуу;
– жаныбарлар үчүн вакциналардын өзгөчө фондун уюштуруу;
– жаныбарлардын калдыктарын башкаруу;
– жер-жерлерде жаныбарлардын ден соолугун коргоо боюнча жумушчу топ түзүү;
– жеке ветеринардык ишти жөнгө салуу;
– Кыргыз Республикасынын ветеринардык статуардык органын өнүктүрүү.
5. Программаны баалоо жана мониторинг жүргүзүү
Программанын аткарылышына үзгүлтүксүз мониторинг жүргүзүү жана баалоо аны ишке ашырууда прогрессти көзөмөлдөөнүн натыйжалуу инструменти болуп калат, ал аталган Программаны ишке ашыруу пландарына түзөтүүлөрдү киргизүү аркылуу өз убагында чечимдерди кабыл алууга мүмкүндүк берет.
Бардык кызыкдар тараптар менен макулдашылган индикаторлор системасы бар Программаны ишке ашыруунун ар жылдык пландары ветеринардык коопсуздукту камсыз кылуу милдеттерин чечүүдөгү прогресске мониторинг жүргүзүүнүн жана баалоонун ажыратылгыс түзүүчү бөлүгү болуп саналат, ошондой эле ветеринардык кызматты өнүктүрүүгө көмөк көрсөтөт.
Мониторинг жүргүзүүнүн маалыматтарынын негизинде Программаны ишке ашыруунун натыйжалуулугу мезгил-мезгили менен бааланып турат. Бул баалоонун жүрүшүндө жетишилген прогресс толук талданат, Программадагы иш-чараларды аткаруудагы “начар жерлер” жана кемчиликтер табылат. Алынган натыйжалардын негизинде ресурстарды кайра бөлүштүрүү жана аларды оптималдуу пайдалануу, донордук коомдоштук менен күч-аракеттерди координациялоону жакшыртуу жана коомдун күтүүлөрүн кыйла толук канааттандыруу боюнча Программанын пландарын ишке ашырууда кийинки кадамдар үчүн альтернативдүү мүмкүнчүлүктөрдү тандоо боюнча чечимдер кабыл алынат.
Бардык кызыкдар тараптар менен макулдашылган Программаны ишке ашыруунун ар жылдык планы анын индикаторлор системасы менен ушул Программанын алкагында 2023-жылга чейин белгиленген артыкчылыктарды илгерилетүүдө прогресске мониторинг жүргүзүүнүн жана баалоонун ажыратылгыс түзүүчү бөлүгү болуп саналат.
6. Эл аралык кызматташтык
Ветеринардык кызмат көп жылдар бою ветеринария жана тамак-аш коопсуздугу маселелери боюнча, атап айтканда айыл чарба жаныбарларын пландуу вакцинациялоону жүргүзүү үчүн ветеринардык дары каражаттарын, муздаткыч жабдууларды жана транспортту сатып алуу маселелери боюнча ДЖДУ, ФАО, АЧӨЭФ, ДССУ, JICA, АӨБ, Дүйнөлүк банк сыяктуу эл аралык уюмдар жана башкалар менен тыгыз кызматташып келет, ветеринардыкиш-чараларды өткөрүүдө консультациялык-методикалык жардам көрсөтүлүп келет. Кызматташтыктын алкагында ветеринария жаатындагы маалыматтар, ченемдик документтер менен өз ара алмашуулар жүргүзүлөт, ошондой эле ветеринардык жана лабораториялык адистерди окутуу, алардын квалификациясын жогорулатуу, биргелешкен изилдөө иштери, эл аралык конференциялар, семинарлар жана жаныбарлардын жана адамдын ден соолугун коргоого жана чыңдоого багытталган башка иш-чаралар жүргүзүлөт.
7. Программанын иш-чараларын каржылоо
Программанын иш-чараларын ишке ашырууну каржылоо булактары Кыргыз Республикасынын мамлекеттик бюджетинин каражаттары жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында тыюу салынбаган башка каражаттар болот.
8. Корутунду
Ушул Программаны ишке ашыруу ветеринардык кызматка өзүнүн милдеттерин эл аралык стандарттардын талаптарына ылайык аткарууга, жөнгө салынуучу, туруктуу иштеген жеке ветеринардык секторду жана Кыргыз Республикасында ветеринардык ишти уюштурууну өркүндөтүүгө көмөктөшүүчү башка зарыл көмөкчү компоненттерди түзүүгө мүмкүндүк берет.
Программанын алкагында 2024–2028-жылдар аралыгында Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин стратегиялык максаттарына ылайык келген долбоорлор ишке ашырылат. Долбоордук мамиле конкреттүү натыйжаларга жетишүүнү, мониторинг жүргүзүүнү жана баалоону камсыз кылууга мүмкүндүк берет.
Программаны ишке ашыруу ветеринардык кызматтын ишинин натыйжалуулугун жогорулатууга мүмкүндүк берет.
Программа ветеринария жана тамак-аш коопсуздугу жаатында төмөнкүдөй негизги көрсөткүчтөргө жетишүүгө багытталат:
– жаныбарлардын ден соолугунун бакубаттуулугун жогорулатуу, өлкөнүн мал чарбачылыгын, анын ичинде асыл тукум малды өнүктүрүү;
– жаныбарлардан алынган тамак-аш продукциясын эл аралык стандарттарга ылайык сертификаттоо;
– ДЖДУнун Жер бетиндеги жаныбарлардын ден соолук кодексинин жоболоруна ылайык жаныбарлардын артыкчылыктуу ылаңдары боюнча Кыргыз Республикасында өзгөчө зоосанитардык статусту алуу жана колдоо;
– КЭРдин, Жакынкы Чыгыш өлкөлөрүнүн жана Европа бирлигинин азык-түлүк рынокторуна чыгуу, бул Кыргыз Республикасынын экспорттук потенциалын жогорулатууга мүмкүндүк берет;
– Кыргыз Республикасынын ветеринардык мыйзамдарын эл аралык талаптарга жана стандарттарга шайкеш келтирүү;
– ветеринардык сыноо лабораторияларын аккредитациялоо;
– ветеринардык сыноо лабораторияларын заманбап лабораториялык жабдуулар менен жабдуу;
– лабораториялык кызматкерлердин жана ветеринардык адистердин квалификациясын жогорулатуу;
– Кыргыз Республикасынын кайра иштетүү ишканаларында ХАССП системасын пайдалануу;
– ветеринардык дары каражаттарынын, тоюттардын жана тоют кошулмаларынын бирдиктүү реестрин түзүү;
– жаныбарлар үчүн вакциналардын өзгөчө фондун түзүү;
– Кыргыз Республикасынын ветеринардык статуардык органынын жана жеке ветеринардык иштин статусун жана маанилүүлүгүн жогорулатуу.
Кыскартуулардын тизмеси:
ЕАЭБ | – | Евразия экономикалык бирлиги; |
КЭР | – | Кытай Эл Республикасы; |
ДЖДУ | – | Дүйнөлүк жаныбарлардын ден соолугун коргоо боюнча уюм (МЭБ); |
ФАО | – | БУУнун азык-түлүк жана айыл чарба уюму; |
АЧӨЭФ | – | Айыл чарбасын өнүктүрүүнүн эл аралык фонду; |
ДССУ | – | Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму; |
JICA | – | Япония эл аралык кызматташтык агенттиги; |
АӨБ | – | Азия өнүктүрүү банкы; |
ХАССП | – | Ветеринардык диагностикалоонун тобокелдиктерди талдоо жана критикалык контролдоо пункттары (англ. Hazard Analysis and Critical Control Points (HACCP); |
ЭКИ БМ | – – | эпизоотияга каршы иш-чаралар; бодо мал. |