Редакцияот 09.02.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ЧОН-АЛАЙ  АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Чоң-Алай айылдык кеңешинин жетинчи чакырылышынын 27- сессиясы

2023-жылдын 9-февралы  № 3

Чоң-Алай айыл өкмөтүнүн жайыт комитетинин  2023-жылга карата бюджетин бекитүү жөнүндө

 

Чоң-Алай айыл өкмөтүнүн башчысы И.Эрмаматовдун  жана  жайыт комитетинин төрагасы Таабалды уулу Чолпонбайдын жайыт комитетинин 2023-жылга карата бюджетинин долбоорун Чоң-Алай айылдык кеңешинин 7-чакырылышынын депутаттарынын   27-сессиясынын кезектеги отуруму угуп, талкуулап

 

ТОКТОМ   КЫЛАТ

 

1. Чоң-Алай айыл өкмөтүнүн алдындагы жайыт комитетинин 2023-жылга карата бюджетинин кирешеси 2 129 495  сомго бекитилип  ал эми чыгаша бөлүгү төмөнкүдөй болуп бөлүнүп жумшалсын.

-        жайыттарды жана алардын инфраструктурасын кармоого 805 255 сом

-        жайыттарга мониторинг жүргүзүүгө 10 000  сом

-        чабандарга жайыт пайдалануу боюнча маалымат берүү (окутуу) 10 000 сом

-        Жарнама чыгымдарына  15 000 сом

-        жайыт комитетинин төрагасынын эмгек акысына  499 688  сом

-        эсепчинин эмгек акысына 305 886  сом

-        жайыт жыйымын чогултуучуга 227 981 сом

-        социалдык чегерүүгө 152 685  сом

-        сапар чыгымдарына 60 000 сом

-        орхтехника сатып алууга 20 000 сом

-        мебель сатып алууга 6000  сом

-        байланыш кызматтарына 5000 сом

-        концелярдык товарга 12 000 сом жумшалсын.

                                                                                     

2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин бюджет жана социалдык-экономикалык өнүгүү, инвестиция тартуу боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

 

Төрага

С. Мойдунов