Редакцияот 29.09.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КОНУР-ДӨбӨ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Конур-Дөбө айылдык кеңешинин 6-чакырылышынын кезексиз 25-отуруму

2023-жылдын 29-сентябры №25 / 1

Кыргыз Республикасынын Ош облусунун Алай районунун Коңур-Дөбө айыл аймагында административдик- аймактык реформаны жүргүзүү жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 18- октябрындагы ПЖ № 350 “Кыргыз Республикасынын административдик-аймактык түзүлүшүн өркүндөтүү жана региондорду өнүктүрүү боюнча андан аркы чаралар жөнүндө” Жарлыгын жетекчиликке алып,Ош облусунун Алай районунун Коңур-Дөбө айылдык кеңеши токтом кылат:

 

1. Ош облусунун Алай районунун Коңур-Дөбө айыл аймактарында административдик-аймактык реформаны жүргүзүү жактырылсын.

2. Конур-Дөбө,Кабылан-Көл айыл аймактарын бириктирип, Боз-Караган айылын административдик борбор деп аныктоо менен Курманжан-Датка айыл аймагы деп аталсын.

3. Ош облусунун Алай районунун Конур-Дөбө,Кабылан-Көл айыл аймактарында административдик-аймактык реформаны жүргүзүү боюнча уюштуруу чаралары көрүлсүн.

4. Бул токтом расмий түрдө http://konur-dobo.org.kg сайтына жарыялансын,Кыргыз Республикасынын Юстиция Министрлигинин Ош облустук башкармалыгынан каттоодон өткөрүлсүн жана расмий жарыялангандан кийин күчүнө кирет.

5. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө регламент боюнча аграрлык маселелер жана жер реформасы боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.

 

Төрага :

Т.Бегматов