ЧОН-АЛАЙ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Чоң-Алай айылдык кеңешинин жетинчи чакырылышынын 27- сессиясы
2023-жылдын 9-февралы № 4
Чоң-Алай жайыт пайдалануучулар бирикмесинин жайыт комитетинин төрагасы Таабалды уулу Чолпонбайдын сунушун кароо жөнүндө
Чоң-Алай жайыт пайдалануучулар бирикмесинин жайыт комитетинин төрагасы Таабалды уулу Чолпонбайдын мобилдик операторлордун базалык станцияларынын ижара акыларын көтөрүү жөнүндө сунушун Чоң-Алай айылдык кеңешинин 7-чакырылышынын депутаттарынын 27-сессиясынын кезектеги отуруму угуп, талкуулап
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Чоң-Алай айыл өкмөтүнүн аймагында жайгашкан мобилдик операторлордун базалык стациялардын ижары акылары айына 7000 сом болуп бекитилсин.
2. Мобилдик операторлордун базалык стациялардын ижары акыларын өндүрүү жана келишимдерди түзүп тиешелүү иш-аракеттерди жүргүзүү жагы жайыт комитетинин төрагасы Таабалды уулу Чолпонбайга милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин бюджет жана социалдык-экономикалык өнүгүү, инвестиция тартуу боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | С. Мойдунов |