ОРОЗБЕКОВ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Орозбеков айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги алтынчы сессиясы
2024-жылдын 6-августу № 45
Абдыкадыр Орозбековго “Кыргыз Республикасынын Баатары” наамын ыйгаруу боюнча Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик сыйлыктар боюнча комиссиясына сунуштоо жөнүндө.
Күн тартибиндеги маселени карап, талкуулап, Орозбеков айыл өкмөтүнүн башчысынын билдирүүсүн угуп, Орозбеков айыл өкмөтүнүн 29.07. 2024-жылдагы чыгыш №01-14/1013 катына негиз Орозбеков айылдык кеңешинин сессиясы токтом кылат:
- “Кара-Кыргыз” автономиялуу облусунун түзүлгөндүгүнүн 100 жылдык юблейине карата, Кыргыз автономиялуу облусунун аткаруу комитетинин биринчи төрагасы, Кыргыз АССР нин БАК нин төрагасы, Мамлекеттүүлүктү түптөөгө, башка кошуна өлкөлөр менен территорияны аныктоого, мамлекеттин ар тараптан өсүп-өнүгүшүнө зор салым кошкон, көрүнүктүү мамлекеттик ишмер Абдыкадыр Орозбековго “Кыргыз Республикасынын Баатыры” наамын берүү боюнча сунуштоо жагы Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик сыйлыктар боюнча комиссиясына сыйлоого сунуш киргизүү укугуна ээ субъекттерден суралсын.
- Тиешелүү сыйлоо материалдарын тариздөө жана сыйлоого сунуш киргизүү укугуна ээ субъекттерге жөнөтүү айыл өкмөтүнө милдеттендирилсин.
- Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө этика, мыйзамдуулук жана адам укуктарын коргоо боюнча туруктуу комиссияга жүктөлсүн.