Загрузка документа…
ОРОЗБЕКОВ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Орозбеков айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги алтынчы сессиясы
2024-жылдын 6-августу № 49
Электр мамыларын жана чубалгыларын сатып алууга каражат кароо жөнүндө.
Күн тартибиндеги маселени карап жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын , «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» Мыйзамынын 27-беренесине негиз Орозбеков айылдык кеңешинин сессиясы токтом кылат:
1. Орозбеков айыл аймагынын төмөнкү айылдарына жана участкаларына электр мамыларын жана чубалгыларын сатып алууга айыл өкмөттүн бюджетинен акча каражаты ажыратылып берилсин.
1.1. Кудук айылына 1 даан электр мамысы жана 1000 метр чубалгы 50 000(элүү миң) сом
1.2. Кош-Дөбө участкасына 15 даана электр мамысы 225 000 (эки жүз жыйырма беш миң) сом 1.3. Кара-Кечүү участкасына 17 даана электр мамысы 255 000(эки жүз элүү беш миң) сом
1.4. «Баластан-Охна» балдар бакчасынын алдына 2 даан электр мамысы 30 000(отуз миң) сом.
2. Тиешелүү акча каражатын бөлүп берүү айыл өкмөттүн социалдык экономикалык бөлүмүнүн башчысы А. Эгембердиевге милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кенешинин бюджет жана финансы маселелери боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | А.Бактыбаев |