Загрузка документа…
ГҮЛЧӨ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Гүлчө айылдык кеңешинин 7-чакырылышынын кезектеги 19-отуруму
2023-жылдын 18-сентябрындагы № 19/5
Курманжан датка айылынын тургуну жарандык милдетин аткарып жатып каза болгон Рабидин уулу Тынчтыкбектин ысымын өзүнүн көчөсүнө ыйгаруу жөнүндө
Гүлчө айылдык Кеңешинин 7-чакырылышынын кезектеги 19-отуруму, Курманжан датка айылынын айыл башчысы К.Кадырованын билдирүүсүн угуп жана талкуулап, КРнын «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндөгү» Мыйзамынын 34-беренесинин 2- пунктарынын негизинде Гүлчө айылдык Кеңеши
Т О К Т О М К Ы Л А Т:
1.Гүлчө айыл аймагына караштуу Курманжан датка айылынын өзү жашаган көчөсүнө Рабидин уулу Тынчтыкбектин ысымы ыйгарылсын.
2. Рабидин уулу Тынчтыкбектин ысымы ыйгарылган көчөгө кеткен чыгымдар Чоңмурунов Рабидиндин үй-бүлөөсүнө жүктөлсүн.
3. Кабыл алынган токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы мыйзамдуулук,укук тартибин чыңдоо жана алардын ишмердүүлүктөрү боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага К.Т.Исмаилов