ГҮЛЧӨ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Гүлчө айылдык кеңешинин 7-чакырылышынын кезектеги 19-отуруму
2023-жылдын 18-сентябрындагы № 19/8
“Алай – Айыл-Көмөк” айыл чарба кооперативинин төрагасы Ж.Абдыкапаровдун арызы жөнүндө
Гүлчө айылдык Кеңешинин 7-чакырылышынын кезектеги 19-отуруму, «Алай – Айыл-Көмөк» айыл чарба кооперативинин төрагасы Ж.Абдыкапаровдун баяндамасын угуп, талкуулап, Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндөгү» Мыйзамынын 34-беренесинин 2- пунктарынын негизинде Гүлчө айылдык Кеңеши
Т О К Т О М К Ы Л А Т:
1.“Алай – Айыл -Көмөк” айыл чарба кооперативинин төрагасы Ж.Абдыкапаровдун арызынын негизинде ушул жеке менчикке таандык аянты 0,83га бак категориясында турган жана өнөр жай категориясында турган 2,79га болгон жер тилкелердин максаттуу багытын жеке турак-жай жерлер категориясына которуп, башкы планын бекитип берүүгө макулдук берилсин.
2. Тиешелүү иш-кагаздарын мыйзам чегинде камсыз кылуу жагы Гүлчө айыл өкмөтүнүн башкы жер адиси Р .Какаровго милдеттендирилсин.
3. Мыйзамдын чегинде юридикалык документерин даярдап берүү жагы тиешелүү мамлекеттик органдардан жана мекеме –ишканалардан суралсын.
4. Ушул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы Гүлчө айыл өкмөтүнүн башчысы С.Исаевге милдеттендирилсин.
5. Кабыл алынган токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы жер, агрардык жер реформасы жөнүндөгү маселелер, муниципалдык менчик, коммуникация жана жол боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага К.Т.Исмаилов