Загрузка документа…
ГҮЛЧӨ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Гүлчө айылдык кеңешинин 7-чакырылышынын кезектеги 19-отуруму
2023-жылдын 18-сентябрындагы № 19/11
Гүлчө айылдык кеңешинин жер жана агрардык жер реформасы, муниципалдык менчик, коммуникация, жол боюнча туруктуу комитетинин 2023-жылдын 13-мартындагы №1-Протоколунун негизинде, Гүлчө айылынын Б.Нарматов көчөсүндө жайгашкан беш кабаттуу үйдүн алдындагы бош жаткан жер тилкесине балдар ойноочу аянтча куруу үчүн жер тилкесин бөлдүрүп берүү жөнүндө
Гүлчө айылдык Кеңешинин 7-чакырылышынын кезектеги 19-отуруму, Гүлчө айыл өкмөтүнүн башкы жер адиси Р.Какаровдун билдирүүсүн угуп жана карап чыгып, Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндөгү» Мыйзамынын 34-беренесинин 5- пунктарынын негизинде Гүлчө айылдык Кеңеши
Т О К Т О М К Ы Л А Т:
1. Гүлчө айылынын Б.Нарматов көчөсүндө жайгашкан беш кабаттуу үйдүн алдындагы бош жаткан жер тилкесине балдар ойноочу аянтчасын куруу үчүн аянты -450,0 чарчы метр болгон жер тилкеси бөлүнүп берилсин.
2. Балдар ойноочу аянтчаны куруу үчүн акча каражаты Алай райондук өнүктүрүү фондусунан суралсын.
3.Тиешелүү иш-кагаздарын мыйзам чегинде тактап иш-алып баруу жагы Гүлчө айыл өкмөтүнүн башкы жер адиси Р.Какаровго милдеттендирилсин.
4. Юридикалык документин даярдап берүү жагы Алай архитектура жана шаар куруу башкармалыгына жана “Кадастр” мамлекеттик мекемесинин Алай филиалына сунуш кылынсын.
5.Кабыл алынган токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Гүлчө айыл өкмөтүнүн башчысы С.Исаевге , ФЭБнүн башчысы М.Тажиковага милдеттендирилсин.
Төрага К.Т.Исмаилов