Загрузка документа…
ОРОЗБЕКОВ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Орозбеков айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги алтынчы сессиясы
2024-жылдын 6-августу № 60
Орозбеков айылынын Зар участкасына селдин кесепеттерин жоюуга каражат кароо жөнүндө.
Күн тартибиндеги маселени карап жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын , «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» Мыйзамынын 27-беренесине 21-пунктуна негиз Орозбеков айылдык кеңешинин сессиясы токтом кылат:
1. Орозбеков айылынын Зар участкасында селдин кесепеттерин жоюу максатында, жолду оңдоп-түзөө иштерине 15 машина шагыл төгүүгө айыл өкмөттүн бюджетинен 37 500(отуз жети миң беш жүз) сом акча каражаты бөлүнүп берилсин.
2. Тиешелүү акча каражатын бөлүп берүү айыл өкмөттүн социалдык экономикалык бөлүмүнүн башчысы А. Эгембердиевге милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы бюджет жана финансы маселелери боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | А.Бактыбаев |