ГҮЛЧӨ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Гүлчө айылдык кеңешинин 7-чакырылышынын кезектеги 19-отуруму
2023-жылдын 18-сентябрындагы № 19/15
Гүлчө айыл аймагында жайгашкан Кош-Тектир айылынын тургуну Матиев Ариндин ысымын өзү жашаган көчөсүнө ыйгаруу жөнүндө
Гүлчө айылдык Кеңешинин 7-чакырылышынын кезектеги 19-отуруму, Гүлчө айылдык кеңештин депутаты Апаитов Адилеттин билдирүүсүн угуп жана талкуулап, КРнын «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндөгү» Мыйзамынын 34-беренесинин 2- пунктарынын негизинде Гүлчө айылдык Кеңеши
Т О К Т О М К Ы Л А Т:
1. Гүлчө айыл аймагына караштуу Кош-Тектир айылынын тургуну Матиев Ариндин ысымы өзү жашаган көчөсүнө ыйгарылсын.
2. Матиев Ариндин ысымы ыйгарылган көчөгө кеткен чыгымдары үчүн жумшалган акча каражаттары А.Матиевдин үй-бүлөсүнө милдеттендирилсин .
3.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Гүлчө айыл өкмөтүнүн башчысы С.Исаевге милдеттендирилсин.
4. Кабыл алынган токтомдун мыйзам чегинде аткарылышын көзөмөлдөө жагы Мыйзамдуулук,укук тартибин чыңдоо жана депутаттык этика боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага К.Т.Исмаилов