ОРОЗБЕКОВ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Орозбеков айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги алтынчы сессиясы
2024-жылдын 6-августу № 63
Айыл аймакта зордук-зомбулуктун алдын алуу боюнча иш чараларды уюштурууга каражат кароо жөнүндө.
Күн тартибиндеги маселени карап, талкуулап, Орозбеков айылдык кеңешинин депутаты Н. Ысакованын баяндамасын угуп, «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» Мыйзамынын 27-беренесинин 22-пунктуна негиз Орозбеков айылдык кеңешинин сессиясы токтом кылат:
- Айыл аймакта зордук-зомбулуктун алдын алуу боюнча иш чараларды уюштурууга айыл өкмөтүнүн бюджетинен 50 000 (элүү миң) сом акча каражаты бөлүнүп берилсин.
- Тиешелүү акча каражатын бөлүп берүү айыл өкмөттүн социалдык экономикалык бөлүмүнүн башчысы А. Эгембердиевге милдеттендирилсин.
- Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы бюджет жана финансы маселелери боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | А.Бактыбаев |