КОНУР-ДӨбӨ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Конур-Дөбө айылдык кеңешинин 6-чакырылышынын кезексиз 26-отуруму
2023-жылдын 3-ноябры №26 / 2
Арпа-Тектир айылынын тургуну Орозалиев Аматтин балык чарба уюштуруу боюнча жазган арызын кароо жөнүндө
Коңур-Дөбө айыл өкмөтүнө караштуу Арпа-Тектир айылынын тургуну Орозалиев Амат Шамаевичтин балык чарба уюштуруу боюнча жазган арызын карап,талкуулап Конур-Дөбө айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ :
1. Коңур-Дөбө айыл өкмөтүнө караштуу Арпа-Тектир айылынын тургуну Орозалиев Амат Шамаевичке балык чарба уюштуруу үчүн Арпа-Тектир айылынын этегинен айыл чарбасына жараксыз сай жерден 1га жер аянты бөлүнүп берилсин.
2.Көрсөтүлгөн аянтты тактап,аныктап тиешелүү иш кагаздарын даярдап берүү жагы Коңур-Дөбө айыл өкмөтүнүн жер боюнча адиси К.Пасаңовго жүктөлсүн жана тиешелүү органдардан суралсын.
3.Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы кенештин агрардык маселелер жана жер реформасы боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага : | Т .Бегматов |