Загрузка документа…
ОРОЗБЕКОВ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Орозбеков айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги алтынчы сессиясы
2024-жылдын 6-августу № 66
Метереологиялык коркунучтарды алдын ала эскертүү жана инфраструктурасынын жакшыртуу максатында, “Мамлекеттик метереологиялык станциясын” курууга жер аянтын жана акча каражатын ажыратуу жөнүндө.
Күн тартибиндеги маселени карап, Кыргыз Республикасында Метерелогиялык коркунучтарды алдын ала эскертүү жана анын инфраструктурасыны өнүктүрүү, мамалекеттин кызыкчылыгы үчүн климаттык тобокелдиктерге туруктуу өнүгүүсүн камсыз кылуу максатында, Орозбеков айыл аймагынын Кош-Дөбө айылында мамлекет тарабынан бекер пайдалануу шарты менен “Мамлекеттик метереологиялык станциясын” курууга жер аянтын ажыратып берүү жөнүндө талкуулап, Кыргыз РеспубликасынынЖергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» Мыйзамынын 34-беренесинин 14-бөлумүнө негиз Орозбеков айылдык кеңешинин сессиясы токтом кылат:
1. Кош-Дөбө айылынын 705-710-контурундагы Кош-Дөбө айылындагы жайыт комитетинин куудуруу пунктунун жеринен 16.0 чарсы метр жер аянтын мамлекет тарабынан бекер пайдалануу үчүн “Мамлекеттик метереологиялык станциясын” курууга ажыратылып берилсин.
2. “Мамлекеттик метереологиялык станциясын”куруу үчүн техникалык шартын жана архитектуралык - шаар куруу корутундусун дардоого айыл өкмөтүнүн бюджетинен 10 000(он миң) сом акча каражаты ажыратылып берилсин.
3. Айыл аймакка орнотулуучу метеостанциянын тиешелүү иш кагаздарын даярдоо, жерди ажыратып берүү жагы айыл өкмөтүнүн жер адиси Б.Мажитовго милдеттендирилсин.
4. Тиешелүү акча каражатын бөлүп берүү айыл өкмөттүн социалдык экономикалык бөлүмүнүн башчысы А. Эгембердиевге милдеттендирилсин.
5. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагын өзүмө калтырамын.
Төрага | А.Бактыбаев |