Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН
ТОКТОМУ
2024-жылдын 19-июлу № 399
Кыргыз Республикасынын Жалал-Абад облусунун Сузак районунун Сузак айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчигине мамлекеттик менчикти өткөрүп берүү жөнүндө
Жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүү максатында, "Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6-статьясына, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик агенттик мамлекеттик жана муниципалдык кызматчыларга, ошондой эле билим берүү чөйрөсүнүн кызматкерлерине арналган көп батирлүү үйлөрдү куруу үчүн Кыргыз Республикасынын Жалал-Абад облусунун Сузак районунун Сузак айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчигине төмөнкү объекттерди белгиленген тартипте өткөрүп берсин:
1) Жалал-Абад облусу, Сузак району, Сузак айылы, А.Юнусов көчөсү, 23 дареги боюнча жайгашкан, 19018,00 кв.м аянттагы жер участогун (идентификациялык номери 3-05-11-1001-7489);
2) Жалал-Абад облусу, Сузак району, Сузак айылы, Т.Тиллабаев көчөсү, 22 дареги боюнча жайгашкан, пайдалуу аянты 226,10 кв.м турак эмес жайлары, 84,60 кв.м турак аянты менен 5918,30 кв.м аянттагы жер участогун (идентификациялык номери 3-05-11-1001-0623).
2. Кыргыз Республикасынын Жалал-Абад облусунун Сузак районунун Сузак айыл аймагынын айыл өкмөтүнө белгиленген тартипте төмөнкүлөр сунушталсын:
1) бул токтомдун 1-пунктунда көрсөтүлгөн объекттерди муниципалдык менчикке кабыл алуу;
2) объекттерди белгиленген тартипте мамлекеттик кайра каттоону жүргүзүү жана аны мамлекеттик жана муниципалдык кызматчыларга, анын ичинде билим берүү чөйрөсүнүн кызматкерлерине арналган көп батирлүү үйлөрдү куруу үчүн пайдалануу;
3) бул токтомдун 1-пунктунда көрсөтүлгөн объекттерди максаттуу багыты боюнча пайдалануу.
3. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
4. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы | А.У. Жапаров |