Загрузка документа…
А.МАСАЛИЕВ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
А.Масалиев айыл аймагынын айылдык Кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги XXXVII сессиясынын
2024-жылдын 1 августу № 37/2
А.Масалиев айыл өкмөт аймагында ээн, кароосуз жүргөн малдарга чара көрүү жөнүндө
А.Масалиев айыл өкмөт аймагындагы айылдарда өткөрүлгөн элдик жыйындардын протоколуна негиз жана айыл өкмөт башчысы А.Бакировдун билдирүүсүн угуп жана талкуулап А.Масалиев айылдык Кеңешинин сессиясы
ТОКТОМ К Ы Л А Т:
1. А.Масалиев айыл өкмөт аймагындагы айылдарда айдоо жерлерине малдарды айдап багууга тыюу салынсын.
2. Кароосуз жүргөн малдардын ээлерине укук бузуулар кодексинин беренелеринин негизинде 20 000 (жыйырма миң) сом өлчөмүндө айып пул салынсын деп белгиленсин.
3. Ушул токтомго негиз моюн сунбаган жарандарды укук коргоо органдарына өткөрүп берүү жагы каралсын.
4. Токтомдун аткарылышы айыл өкмөт башчысы А.Бакировго милдеттендирилсин.
5. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык Кеңештин айыл чарба жана мыйзамдуулук боюнча туруктуу комиссияларына жүктөлсүн.
Төрага |
Т.Галботоев |