Загрузка документа…
А.МАСАЛИЕВ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
А.Масалиев айыл аймагынын айылдык Кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги XXXVII сессиясынын
2024-жылдын 1 августу № 37/3
А.Масалиев айыл өкмөт аймагындагы “Алдаберди” фермердик чарбасына короо –сарай курууга жер аянтын ажыратып берүү жөнүндө
А.Масалиев айылдык кеңешинин айыл чарба боюнча туруктуу комиссиясынын билдирүүсүн угуп жана талкуулап А.Масалиев айылдык Кеңешинин сессиясы
ТОКТОМ К Ы Л А Т:
1. А.Масалиев айыл өкмөт аймагындагы “Алдаберди” фермердик чарбасына ишмердүүлүгүн өнүктүрүү үчүн короо – сарай салууга Көн айылынын үстү тарабынан 0,50 га жер аянты ажыратылып берилсин.
2. Короо-сарай айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчигине алынсын.
3. Токтомдун аткарылышы айыл өкмөт башчысы А.Бакировго милдеттендирилсин.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык Кеңештин айыл чарба боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага |
Т.Галботоев |