Загрузка документа…
А.МАСАЛИЕВ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
А.Масалиев айыл аймагынын айылдык Кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги XXXVII сессиясынын
2024-жылдын 1 августу № 37/4
А.Масалиев айыл өкмөтүнө караштуу “Исфайрам” муниципалдык ишканасынын кайрылуусун кароо жөнүндө
“Исфайрам” муниципалдык ишканасынын билдирүүсүн угуп жана талкуулап А.Масалиев айылдык Кеңешинин сессиясы
ТОКТОМ К Ы Л А Т:
1. А.Масалиев айыл өкмөтүнө караштуу “Исфайрам” муниципалдык ишканасына тазалык иштерин жүргүзүүгө техника сатып алуу үчүн 500 000 (беш жүз миң) сом акча каражаты бөлүнүп берилсин.
2. Кара-Дөбө айылына таза суу киргизүү үчүн жасалуучу таза суу долбооруна макулдук берилсин.
3. Айыл өкмөт аймагындагы айылдардын таза сууга кирбей калган көчөлөрүнө таза суу тартуу боюнча долбоору даярдалсын.
4. “Исфайрам” муниципалдык ишканасынын таза сууга 6 айлыкта алымча кошумча чыгымдары каралсын.
5. Токтомдун аткарылышы “Исфайрам” муниципалдык ишканасынын директору И.Бекботоевке милдеттендирилсин.
6. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык Кеңештин бюджет боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага |
Т.Галботоев |