Редакцияот 07.12.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КОНУР-ДӨбӨ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Конур-Дөбө айылдык кеңешинин 6-чакырылышынын кезектеги 27-отуруму

2023-жылдын 7-декабры № 27/1

Жергиликтүү бюджеттин киреше бөлүгүн толтуруу максатында айыл өкмөтүнүн салыктын бардык түрлөрүнөн жана кайра бөлүштүрүү фондусундагы жерлерди ижарага берүүдө түшүүчү ижара акыларынын өндүрүлүшүнүн абалы жана жайыт комитетинин аткарган иштери жөнүндө

Айылдык кеңештин бюджет жана экономикалык маселелер боюнча туруктуу комиссиясынын маалыматын угуп,талкуулап жана Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө мыйзамынын 31-беренесинин 1-бөлүгүнө ылайык

Конур-Дөбө айылдык кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ :

 

1.   Жергиликтүү бюджеттин киреше бөлүгүн толтуруу максатында айыл өкмөтүнүн салыктын бардык түрлөрүнөн жана кайра бөлүштүрүү фондусундагы жерлерди ижарага берүүдө түшүүчү ижара акыларынын өндүрүлүшүнүн абалы жана жайыт комитетинин аткарган иштери канааттандырарлык деп табылсын.

2.   Жергиликтүү бюджеттин киреше бөлүгүн толтурууда айрым бир кемчиликтерди жоюу,ижара акыларын толук өндүрүүнү көзөмөлгө алуу айыл өкмөт башчыга жүктөлсүн.

3.   Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу айылдык кеңештин бюджет жана экономикалык маселелер боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

 

Төрага :

Т .Бегматов