Загрузка документа…
А.МАСАЛИЕВ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
А.Масалиев айыл аймагынын айылдык Кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги XXXVII сессиясынын
2024-жылдын 1 августу № 37/7
А.Масалиев айыл өкмөт аймагындагы 1-категория жана 2-категориядагы мобилизация убагында чакыртыла турган аскерге милдеттүүлөрдү биринчи орунда турак жай менен камсыз кылуу жөнүндө
Мамлекетибизге сырттан коркунуч жаралганда мекенди коргоо үчүн аскерге милдеттүүлөрдү жыйноодо 1-2- категориядагы аскерге милдеттүүлөр биринчи тартыларын, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 54-беренесинде көрсөтүлгөн жарандардын ыйык парзын жана милдетин аткарган жаш жигиттерибизди колдоо, 1-категория жана 2-категориядагы мобилизация убагында чакыртыла турган аскерге милдеттүүлөрдү биринчи орунда турак жай менен камсыз кылуу боюнча угуп жана талкуулап А.Масалиев айылдык Кеңешинин сессиясы
ТОКТОМ К Ы Л А Т:
1. А.Масалиев айыл өкмөт аймагында турак чай куруу үчүн жер тилкеси трансформация болуп берилип баштаганда мамлекет тарабынан берилүүчү турак жай куруу үчүн жер тилкесин ала элек 1-категория жана 2-категориядагы мобилизация убагында чакыртыла турган анык аскер кызматына барып келген аскерге милдеттүүлөргө биринчи орунда турак жай куруу үчүн жер тилкеси берилсин.
2. Токтомдун аткарылышын камсыздоо жагы айыл өкмөт башчысына жүктөлсүн.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык Кеңештин социалдык маселелер жана айыл чарбасы боюнча туруктуу комиссияларына жүктөлсүн.
Төрага |
Т.Галботоев |