КОНУР-ДӨбӨ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Конур-Дөбө айылдык кеңешинин 6-чакырылышынын кезектеги 27-отуруму
2023-жылдын 7-декабры № 27 /3
Коңур-Дөбө айыл өкмөтүнүн Боз-Караган айыл тургундарынын кайрылуусунун негизинде көмөкчү чордонду куруу үчүн жер аянтын ажыратып берүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын жер кодексинин 27-беренесинин 3-бөлүгүнүн, 32-беренесинин 4-бөлүгүнүн жана 82-беренесинин негизинде Боз-Караган айылына көмөкчү чордон үчүн жер аянтын ажыратуу боюнча Коңур-Дөбө айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ :
1. Коңур-Дөбө айыл өкмөтүнүн Боз-Караган айылына коомдук муктаждыктар үчүн көмөкчү чордон орнотуу үчүн 20,0 чарчы метр жер аянты электр тармактар ишканасына ажыратылып берилсин.
2. Боз-Караган айылынан көрсөтүлгөн жер аянтты тактап, тиешелүү иш кагаздарын даярдап, Алай райондук архитектура жана шаар курулуш башкармалыгынан жана “Кадастр” мамлекеттик мекемесинин Алай филиалынан суроо жер адис К.Пасаңовго милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө туруктуу комиссияга жүктөлсүн.
Төрага : | Т .Бегматов |