Загрузка документа…
ХАН-ТЕНИРИ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН ЖЕРГИЛИКТУУ КЕНЕШИ
Т О К Т О М
Хан-Теӊири айыл аймагынын жергиликтүү кенешинин 28 чакырылышынын кезексиз 4 - сессиясы
2024-жылдын 5-июлундагы №_22
Хан-Теӊири айыл аймагына Беккари чуңкурун курууга
макулдук берүү жөнүндө
Хан-Теңири айыл аймагынын айылдарында ар кандай жугуштуу оорулардын жайылып жатканына малдын өлүмү себепкер болуп, аймактын калкынын коопсуздугун сактоо максатында айыл аймакта Беккари чуңкурун куруу зарылчылыгы жөнүндө айыл өкмөтүнүн башчысы С.Баракановдун билдирүүсүн угуп жана талкуулап Хан-Теңири жергиликтүү кенеши токтом кылат :
1. Хан-Теӊири айыл аймагында үй жаныбарларынан жугуучу ар кандай жугуштуу оорулардын алдын алуу максатында Беккари чуңкурун курууга макулдук берилсин.
2. Беккари чуңкуру Ак-Чий аймагынын Тасма өрөөнүндөгү 101-контурдан 0,05га жер тилкесине, Токтогул айылынан Жыргалаң суусунан 500 метр алыстыкта жайгашкан 130-контурдагы 0,05га жер тилкесине, Ново-Вознесеновка айылынын күн чыгыш тарабындагы карьерден 0,05га жер тилкесине курууга уруксат берилсин.
3. Хан-Теӊири айыл өкмөтүнүн башчысы С.Баракановго Беккари чуңкурун курууга байланышкан (АПУ, ИТУ, трансформация иштери) документтерди бүткөрүү жагы милдеттендирилсин.
4. Ушул токтом ММКларга жарыялоо үчүн жиберилсин.
5. Токтом ММКга басылып чыккан күнү юстиция органына Мамлекеттик реестрге киргизүү үчүн жиберилсин.
6. Токтомду аткарууга алуу айыл өкмөтүнүн башчысы С.Баракановго жана көзөмөлдөө жергиликтүү кенештин агрардык маселелер боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага И.Алымжан уулу