Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТЕСКЕМЕСИ
2024-жылдын 5-сентябры № 528-т
Кыргыз Республикасынын эл аралык байланыштарын чыңдоо жана дүйнөлүк спорттук кыймылга интеграциялоо, V Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына катышуу үчүн спортчуларды жырткыч куштар менен камсыз кылуу максатында, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык:
1. Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги:
1) Казакстан Республикасынын Астана шаарында алдыда болуучу V Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына катышуу үчүн жырткыч куштарга (бүркүттөр жана шумкарлар) өзгөчө тартипте чип таксын жана аларга идентификациялык карталарды (паспортторду) тариздесин;
2) жырткыч куштарды (бүркүттөр жана шумкарлар) ташууга (убактылуу алып чыгууга жана алып келүүгө) уруксат берүүчү документтерди берсин.
2. Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Чек ара кызматы алдыда болуучу V Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына катышуу үчүн жырткыч куштарды убактылуу алып чыгууга жана алып келүүгө көмөк көрсөтсүн.
3. Кыргыз Республикасынын аймагына алып келүү жана анын чегинен тышкары алып чыгуу үчүн, ошондой эле V Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына катышуу учурунда жырткыч куштардын (бүркүттөр жана шумкарлар) сакталышы үчүн аларды кармоочулар жеке жоопкерчилик тартат деп белгиленсин.
4. Чип тагуу, идентификациялык карталарды (паспортторду) тариздөө, жырткыч куштарды (бүркүттөр жана шумкарлар) ташуу (убактылуу алып чыгуу жана алып келүү) үчүн документтерди тариздөө менен байланышкан башка иш-аракеттер Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигине караштуу Дене тарбия жана спорт департаменти үчүн 2024-жылга каралган бюджеттик каражаттардын эсебинен жүзөгө ашырылсын.
5. Бул тескеменин аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
| А.У. Жапаров |