Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2024-жылдын 15-августу № 473
"Расмий статистика жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык келтирүү максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым токтомдоруна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
Сапаттуу расмий статистиканы өндүрүү жана жайылтуу максатында, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2004-жылдын 7-октябрындагы № 739 "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чек арасы аркылуу өткөрүү пункттары жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
жогоруда көрсөтүлгөн токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чек арасы аркылуу өткөрүү пункттары жөнүндө жободо:
- 1.7-пункт "башка ишти" деген сөздөрдөн кийин "(статистикалык изилдөөлөрдү жүргүзүү боюнча статистика органдары тарабынан жүзөгө ашырылуучу иштерден тышкары)" деген сөздөр менен толукталсын.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 14-сентябрындагы № 484 "Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек арасы аркылуу өткөрүү пункттарында режимди белгилөө эрежелерин жана Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек арасы аркылуу өткөрүү пункттарында чарба жана башка иштердин түрлөрүнүн тизмесин бекитүү жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек арасы аркылуу өткөрүү пункттарында чарба жана башка иштердин түрлөрүнүн тизмесинде:
- 2-пункт төмөнкүдөй мазмундагы 22-пунктча менен толукталсын:
"22) статистикалык изилдөөлөрдү жүргүзүү боюнча статистика органдары тарабынан жүзөгө ашырылуучу иш.".
3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 19-ноябрындагы № 556 "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чегарасында эл аралык автомобилдик, аба жана темир жол катнашы үчүн арналган өткөрүү пункттарынын жана Кыргыз Республикасынын автомобиль жолдорундагы ички стационардык посттордун иштерин тартипке салуу боюнча чаралар жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) преамбула "Бажылык жөнгө салуу жөнүндө" деген сөздөрдөн кийин ", "Расмий статистика жөнүндө" деген сөздөр менен толукталсын;
2) жогоруда көрсөтүлгөн токтомдун 1-6-тиркемелери ушул токтомдун 1-6-тиркемелерине ылайык редакцияда баяндалсын.
4. Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитети белгиленген тартипте ушул токтомдон келип чыгуучу чараларды көрсүн.
5. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын биринчи орун басары |
| А.А. Касымалиев |
|
| 1-тиркеме |
|
|
Кыргыз-казак мамлекеттик чек арасындагы өткөрүү пункттарынын ТИЗМЕГИ
№ | Өткөрүү пунктунун аталышы | Өткөрүү пунктунун жайгашкан жери (облус, район, калктуу конуш | Өткөрүү пунктунун статусу жана иштөө режими | Контролдоонун түрлөрү | ||||||
Чек аралык | Транспорттук | Медициналык санитардык-карантиндик | Ветеринардык | Фитосанитардык | Баңгизаттарга каршы | Статистикалык эсеп | ||||
1 | Ак-Жол автожолу | Чүй обл., Аламүдүн р-ну (Бишкек-Алматы а/ж 18 км) | Көп тараптуу, күнү-түнү | + | + | + | + | + | + | + |
2 | Жайыл автожолу | Чүй обл., Жайыл р-ну, Степное а. түндүк чети | Эки тараптуу, күнү-түнү | + | + | - | + | + | + | + |
3 | Чалдыбар автожолу | Чүй обл., Панфилов р-ну, Чалдовар а. батыш чети (Бишкек-Тараз а/ж 98 км) | Көп тараптуу, күнү-түнү | + | + | + | + | + | + | + |
4 | Камышановка автожолу | Чүй обл., Сокулук р-ну, Камышановка а. батыш чети | Эки тараптуу, күндүз | + | + | - | + | + | + | + |
5 | Ак-Тилек автожолу | Чүй обл., Ысык-Ата р-ну, Чу д. түштүк жээги (Хун-Чи а. чыгыш жагында көпүрөнүн жаны) | Көп тараптуу, күнү-түнү | + | + | - | + | + | + | + |
6 | Кен-Булуң автожолу | Чүй обл., Ысык-Ата р-ну, Казакстан Республикасынын Трудовик а. бурулушундагы көпүрөнүн жаны | Көп тараптуу, күнү-түнү | + | - | - | + | + | + | + |
7 | Токмок автожолу | Чүй обл., Чүй р-ну (Бишкек-Кемин а/ж 63 км, Чу д. аркылуу Дунларов атынд. көпүрөнүн жаны) | Көп тараптуу, күнү-түнү | + | + | - | + | + | + | + |
8 | Каркыра автожолу | Ысык-Көл обл., Түп р-ну, Каркыра жери (3 МТФ) | Көп тараптуу, күндүз | + | + | - | + | + | + | + |
9 | Чоң-Капка автожолу | Талас обл., Манас р-ну | Көп тараптуу, күнү-түнү | + | + | - | + | + | + | + |
10 | Кичи-Капка автожолу | Талас обл., Манас р-ну | Эки тараптуу, күнү-түнү | + | + |
| + | + | + | + |
11 | Күркүрөө автожолу | Талас обл., Кара-Буура р-ну, Аманбаев а. батыш чети | Эки тараптуу, күнү-түнү | + | - | - | + | + | + | + |
12 | Кайыңды темир жолу | Чүй обл., Панфилов р-ну, Кайынды ш. | Көп тараптуу, күнү-түнү | + | - | + | + | + | + | + |
Эскертүү: Транспорт чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан Кыргыз Республикасынын аймагында мамлекеттик чек арага жакын жерде транспорттук контроль жүзөгө ашырылат.".
|
| 2-тиркеме |
|
|
Кыргыз-кытай мамлекеттик чек арасындагы өткөрүү пункттарынын ТИЗМЕГИ
№ | Өткөрүү пунктунун аталышы | Өткөрүү пунктунун жайгашкан жери (облус, район, калктуу конуш | Өткөрүү пунктунун статусу жана иштөө режими | Контролдоонун түрлөрү | |||||||
Чек аралык | Бажылык | Транспорттук | Медициналык санитардык-карантиндик | Ветеринардык | Фитосанитардык | Баңгизаттарга каршы | Статистикалык эсеп | ||||
1 | Торугарт автожолу | Нарын обл., Ат Башы р-ну (Бишкек-Кашгар а/ж 531 км (КЭР) | Көп тараптуу, күнү-түнү | + | + | + | + | + | + | + | + |
2 | Иркештам автожолу | Ош обл., Алай р-ну (Нур а. 4 км чыгыш жагы) | Көп тараптуу, күнү-түнү | + | + | + | + | + | + | + | + |
".
|
| 3-тиркеме |
|
|
Кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасындагы өткөрүү пункттарынын ТИЗМЕГИ
№ | Өткөрүү пунктунун аталышы | Өткөрүү пунктунун жайгашкан жери | Өткөрүү пункттарынын статусу жана иштөө режими | Контролдоонун түрлөрү | |||||||
Чек аралык | Бажылык | Транспорттук | Ветеринардык | Фитосанитардык | Баңгизаттарга каршы | Медициналык санитардык карантиндик | Статистикалык эсеп | ||||
1 | Кайрагач автожолу | Баткен обл., Лейлек р-ну (Раззаков атынд. а. 0,5 км батыш жагы) | Эки тараптуу, күнү-түнү | + | + | - | + | + | + | + | + |
2 | Кызыл-Бел автожолу | Баткен обл., Баткен р-ну, Кызыл-Бел а. түштүк чети | Көп тараптуу, күнү-түнү | + | + | + | + | + | + | + | + |
3 | Кулунду автожолу | Баткен обл., Лейлек р-ну, Кулунду а. түндүк чети | Көп тараптуу, күнү-түнү | + | - | + | + | + | + | - | + |
4 | Карамык | Ош обл., Чоң-Алай р-ну, Карамык а. түштүк-батыш чет жагы | Эки тараптуу, күндүз | + | + | + | + | + | + | + | + |
5 | Бор-Дөбө автожолу | Ош обл., Чоң-Алай р-ну, Бор-Дөбө жери | Көп тараптуу, күнү-түнү | + | + | - | + | + | + | - | + |
".
|
| 4-тиркеме |
|
|
Кыргыз-өзбек мамлекеттик чек арасындагы өткөрүү пункттарынын ТИЗМЕГИ
№ | Өткөрүү пунктунун аталышы | Өткөрүү пунктунун жайгашкан жери | Өткөрүү пункттарынын статусу жана иштөө режими | Контролдоонун түрлөрү | |||||||
Чек аралык | Бажылык | Транспорттук | Ветеринардык | Фитосанитардык | Баңгизаттарга каршы | Медициналык санитардык карантиндик | Статистикалык эсеп | ||||
1 | Кызыл-Кыя автожолу | Баткен обл., Кадамжай р-ну, (Кызыл-Кыя Фергана а/ж 3 км) | Эки тараптуу, күнү-түнү | + | + | - | + | + | + | + | + |
2 | Кара-Багыш автожолу | Ош обл., Араван р-ну, (Ош Мархамат а/ж 37 км) Өзбекстан Республикасы | Эки тараптуу, күндүз | + | + | - | + | + | + | - | + |
3 | Достук автожолу | Ош обл., Кара-Суу р-ну (Ош Анжиан а/ж 5 км) | Көп тараптуу, күнү-түнү | + | + | + | + | + | + | + | + |
4 | Ынтымак автожолу | Ош обл., Кара-Суу р-ну, (Ош-Анжиан а/ж) | Эки тараптуу, күндүз | + | + | + | + | + | + |
| + |
5 | Баймак автожолу | Жалал-Абад обл., Ала-Бука р-ну, Баймак а. чет жагы | Эки тараптуу, күндүз | + | - | - | - | - | - | - | + |
6 | Сейдикум автожолу | Жалал-Абад обл., Базар-Коргон р-ну, Сейдикум а чет жагы | Жөнөкөйлөтүлгөн өткөрүү, күндүз | + | + | + | + | + | + | - | + |
7 | Маданият автожолу | Жалал-Абад обл., Ноокен р-ну, (Бишкек-Ош а/ж 498 км) | Көп тараптуу, күнү-түнү | + | - | + | + | + | + | - | + |
8 | Бек-Абад автожолу | Жалал-Абад обл., Сузак р-ну, Бек-Абад а. батыш чет жагы | Көп тараптуу, күнү-түнү | + | + | + | + | + | + | - | + |
9 | Кара-Суу автожолу | Ош обл., Кара-Суу р-ну, Кара-Суу ш. түндүк чет жагы | Эки тараптуу, күндүз | + | - | + | + | + | + | - | + |
10 | Сумсар автожолу | Жалал-Абад обл., Ала-Бука р-ну | Жөнөкөйлөтүлгөн өткөрүү, күндүз | + | + | - | + | + | + | - | + |
11 | Кең-Сай автожолу | Жалал-Абад обл., Ноокен р-ну | Көп тараптуу, күнү-түнү | + | + | - | + | + | + | - | + |
12 | Кызыл-Кыя темир жолу | Баткен обл., Кызыл-Кыя ш., Кызыл-Кыя т/ж станциясынын 38-посту | Көп тараптуу, күнү-түнү | + | + | - | + | + | + | - | + |
13 | Жалал-Абад темир жолу | Жалал-Абад обл., Жалал-Абад ш. | Көп тараптуу, күнү-түнү | + | + | - | + | + | + | - | + |
14 | Кара-Суу темир жолу | Ош обл., Кара-Суу а. | Көп тараптуу, күнү-түнү | + | + | - | + | + | + | + | + |
15 | Шамалды-Сай темир жолу | Жалал-Абад обл., Ноокен р-ну, Шамалды-Сай т/ж ст. | Көп тараптуу, күнү-түнү | + | + | - | + | + | + | - | + |
".
|
| 5-тиркеме |
|
|
Эл аралык аба катнаштары үчүн арналган Кыргыз Республикасынын аэропортторундагы өткөрүү пункттарынын ТИЗМЕГИ
№ | Өткөрүү пунктунун аталышы | Өткөрүү пунктунун жайгашкан жери (облус, район, калктуу конуш) | Өткөрүү пунктунун статусу жана иштөө режими | Контролдоонун түрлөрү | |||||||
Чек аралык | Бажылык | Салыктык | Медициналык санитардык-карантиндик | Ветеринардык | Фитосанитардык | Баңгизаттарга каршы | Статистикалык эсеп | ||||
1 | "Манас" аэропорту | Чүй обл., Сокулук р-ну, "Манас" эл аралык аэропорту | Көп тараптуу, күнү-түнү | + | + | + | + | + | + | + | + |
2 | "Ош" аэропорту | Ош ш., "Ош" аэропорту | Көп тараптуу, күнү-түнү | + | + | + | + | + | + | + | + |
3 | "Ысык-Көл" аэропорту | Ысык-Көл обл., Тамчы а., "Ысык-Көл" аэропорту | Көп тараптуу, күнү-түнү | + | + | + | + | + | + | + | + |
4 | "Каракол" аэропорту | Ысык-Көл обл., Каракол ш., "Каракол" эл аралык аэропорту | Көп тараптуу, күнү-түнү | + | - | - | - | + | + |
| + |
5 | "Баткен" аэропорту | Баткен обл., Баткен ш., "Баткен" эл аралык аэропорту | Көп тараптуу, күнү-түнү | + | - | - | - | + | + | + | + |
".
|
| 6-тиркеме |
|
|
Кыргыз Республикасынын автомобиль жолдорундагы ички стационардык посттордун ТИЗМЕГИ
№ | Өткөрүү пунктунун аталышы | Өткөрүү пунктунун жайгашкан жери (облус, район, калктуу конуш) | Стационардык посттордун иштөө режими | Контролдоонун түрлөрү | |||||
ИИМдин автомобилдик инспекциялары | Транспорттук | Ветеринардык | Фитосанитардык | Баңгизаттарга каршы | Статистикалык эсеп | ||||
1 | Чычкан | Жалал-Абад обл., Токтогул р-ну, Чычкан капчыгайы, Бишкек-Ош а/ж 272 км | Күнү-түнү | + | - | + | - | + | + |
2 | Манас | Чүй обл., Сокулук р-ну, Ак-Жол а., Бишкек а/ж - "Манас" а/п | Күнү-түнү | - | - | - | - | + | + |
3 | Маловодное | Чүй обл., Сокулук р-ну, Маловодное а., Бишкек-Ташкент а/ж | Күнү-түнү | - | + | - | - | + | + |
4 | Сосновка | Чүй обл., Жайыл р-ну, Сосновка а., Бишкек-Ош а/ж 82 км | Күнү-түнү | + | + | + | + | + | + |
5 | Ысык-Көл | Ысык-Көл обл., Тоң р-ну, Бишкек-Каракол а/ж 144 км | Күнү-түнү | - | - | - | + | + | + |
6 | Ак-Жол | Чүй обл., Аламүдүн р-ну, Бишкек-Алматы а/ж 18 км | Күнү-түнү | - | + | - | - | + | + |
7 | Кара-Көл | Жалал-Абад обл., Токтогул р-ну, Бишкек-Ош а/ж 395 км | Күнү-түнү | - | + | - | - | + | + |
8 | Кызыл көпүрө | Чүй обл., Кемин р-ну, Бишкек-Торугарт а/ж 135 км | Күнү-түнү | + | - | + | + | + | + |
9 | Киргшелк | Чүй обл., Ысык-Ата р-ну, Бишкек-Торугарт а/ж 16 км | Күнү-түнү | - | + | - | - | + | + |
10 | Рязан-Сай | Жалал-Абад обл., Аксы р-ну, Бишкек-Ош а/ж 425 км | Күнү-түнү | - | - | - | - | + | + |
11 | Кызыл-Омпол | Ысык-Көл обл., Тоң р-ну, Кочкор-Балыкчы а/ж 55 км | Күнү-түнү | - | - | - | - | + | + |
12 | Ак-Турпак | Баткен обл., Баткен р-ну, Баткен-Кадамжай айланма а/ж 29 км | Күнү-түнү | + | - | - | - | + | + |
13 | Кызыл-Кыя | Баткен обл., Кызыл-Кыя ш., Бишкек-Баткен а/ж 170 км | Күнү-түнү | - | - | - | + | - | + |
14 | Балыкчы | Ысык-Көл обл., Балыкчы ш., "Ак-Кеме" экологиялык посту Балыкчы-Бишкек а/ж 190 км | Күнү-түнү | - | + | - | + | - | + |
15 | Сары-Чат | Нарын обл., Кочкор р-ну, Бишкек-Нарын-Торугарт а/ж 174 км | Күнү-түнү | + | - | - | - | - | + |
".