Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2024-жылдын 27-августу № 530
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылуу маселелери жөнүндө айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
Калкты күндөлүк керектелүүчү азык-түлүк товарлары менен камсыз кылуу жана азык-түлүк рыногундагы абалды турукташтыруу максатында, "Кыргыз Республикасынын азык-түлүк коопсуздугу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 3, 8-беренелерине, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 24-июнундагы № 334 "Кыргыз Республикасынын Азык-түлүк коопсуздугу жана тамак-аш боюнча кеңешин түзүү жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 4-пунктта "Айыл чарба" деген сөздөр "Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы" деген сөздөргө алмаштырылсын;
2) жогоруда аталган токтом менен түзүлгөн Кыргыз Республикасынын Азык-түлүк коопсуздугу жана тамак-аш боюнча кеңешинин курамы ушул токтомдун тиркемесине ылайык редакцияда баяндалсын;
3) жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Азык-түлүк коопсуздугу жана тамак-аш боюнча кеңеши жөнүндө жободо:
- 4-пунктта:
"б" пунктчасы төмөнкүдөй мазмундагы абзац менен толукталсын:
"- өлкөнүн азык-түлүк коопсуздугун камсыздоого коркунуч келтирилген учурларда ыкчам чараларды көрүү;";
"г" пунктчасында:
үчүнчү абзац төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"- Кыргыз Республикасынын азык-түлүк коопсуздугун камсыздоо маселелери менен байланышкан ыкчам чараларды көрүү, өзгөчө алыскы жана бийик тоолуу райондорунда;";
алтынчы абзац төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"- ата мекендик тамак-аш азыктарын, өзгөчө эң маанилүү микронутриенттер менен байытылган продукцияларды өндүрүүгө дем берүү, жергиликтүү чийки заттын негизинде тамак-аш азыктарын даярдоо, калк арасында туура тамактануу принциптерин киргизүүгө өбөлгө түзүүчү чөйрөнү калыптандыруу боюнча ыкчам чараларды көрүү;";
"е" пунктчасы "туура тамактануу" деген сөздөргө чейин "азык-түлүк коопсуздугу," деген сөздөр менен толукталсын;
- 5-пункт төмөнкүдөй мазмундагы онунчу абзац менен толукталсын:
"- азык-түлүк коопсуздугун камсыздоо жана азык-түлүк товарларынын рыноктогу бааларын турукташтыруу үчүн ыкчам чечимдерди кабыл алуу боюнча маселелерди кароо;";
- 6-пункт төмөнкүдөй мазмундагы үчүнчү абзац менен толукталсын:
"- азык-түлүк коопсуздугун камсыздоо, азык-түлүк товарларынын рыноктогу бааларын турукташтыруу жана ата мекендик өндүрүүчүлөрдү колдоо менен байланышкан чечимдерди кабыл алуу;";
- 7-пункттун алтынчы, жетинчи абзацтары төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"- Кеңештин кароосуна киргизилүүчү материалдарды өз убагында жана сапаттуу даярдоо үчүн учурдагы штаттык бирдиктердин чегинде министрликтердин, мамлекеттик комитеттердин, административдик ведомстволордун, аткаруу бийлигинин башка органдарынын, илимий мекемелердин адистеринен турган консультативдик кеңеш берүүчү орган катары юридикалык жакты түзбөстөн азык-түлүк коопсуздугу жана тамак-аш боюнча илимий институтту түзүүгө. Азык-түлүк коопсуздугу жана тамак-аш боюнча илимий институттун курамы жана жобосу Кеңештин чечими менен бекитилет;
- азык-түлүк коопсуздугун камсыздоо, азык-түлүк товарларынын рыноктогу бааларын турукташтыруу жана ата-мекендик өндүрүүчүлөрдү колдоо маселелери боюнча сунуштарды Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин жана жумушчу органдын кароосуна киргизүүгө;";
- 8-пункт төмөнкүдөй мазмундагы бешинчи абзац менен толукталсын:
"- азык-түлүк товарларынын бааларын турукташтыруу жана ата мекендик өндүрүүчүлөрдү колдоо боюнча ыкчам чара көрүү үчүн Кеңештин чечимдеринин долбоорлорун даярдоого.";
- 10-пунктта "орун басары" деген сөздөр "орун басарларынын бири" деген сөздөргө алмаштырылсын;
- 18-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"18. Оң корутунду болгон учурда аталган маселени иштеп чыгуу максатында материалдар азык-түлүк коопсуздугу жана тамак-аш боюнча илимий институтка берилет.".
2. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 3-мартындагы № 115 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин айрым ченем жаратуу ыйгарым укуктарын мамлекеттик органдарга жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдарына өткөрүп берүү жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарына жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдарына өткөрүп берилген Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин айрым ченем жаратуу ыйгарым укуктарынын тизмесинде:
- 13-пункт төмөнкүдөй мазмундагы 47-пунктча менен толукталсын:
"47) Кыргыз Республикасынын Азык-түлүк коопсуздугу жана тамак-аш боюнча кеңешинин сунушунун негизинде чектөө чаралары киргизилүүчү айыл чарба товарларынын тизмелерин.".
3. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы
|
А.У. Жапаров |
Тиркеме
Кыргыз Республикасынын Азык-тулук коопсуздугу жана тамак-аш боюнча кеңешинин курамы
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары - Кыргыз Республикасынын суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетуу өнөр жайы министри - Кеңештин төрагасы;
Кыргыз Республикасынын экономика жана коммерция министри - Кеңештин төрагасынын орун басары;
Кыргыз Республикасынын суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министринин орун басары - Кеңештин төрагасынын орун басары.
Кеңештин мучөлөру:
Кыргыз Республикасынын финансы министри;
Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо министри;
Кыргыз Республикасынынөзгөчө кырдаалдар министри;
Кыргыз Республикасынын эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри;
Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы;
Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын төрагасы (макулдашуу боюнча);
Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын төрагасы;
Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасы;
Кыргыз Республикасынын Өзгөчөкырдаалдар министрлигине караштуу Мамлекеттик материалдык резервдер фондунун төрагасы;
Кыргыз Республикасынын Президентинин
Администрациясынын башкы эксперттери (айыл чарба, экономика, билим берүүжана саламаттык сактоо чөйрөсундө);
“Кыргыз Республикасынын агроөнөр жай комплексин өнуктуруу ассоциациясы” юридикалык жактардын бирикмесинин аткаруучу директору (макулдашуу боюнча);
К.И. Скрябин атындагы Кыргыз улуттук агрардык университетинин ректору.