Загрузка документа…
ХАН-ТЕНИРИ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН ЖЕРГИЛИКТУУ КЕНЕШИ
Т О К Т О М
Хан-Теӊири айыл аймагынын жергиликтүү кенешинин 28 чакырылышынын кезектеги 5 - сессиясы
2024-жылдын 9-августундагы №_25_
Тянь-Шандын Сары-Жаз тоо кыркасынын Түштүк Эңилчек мөңгүсүнүн аймагында жайгашкан 5576 метр бийиктиктеги аты
жок тоо чокусуна “Бириккен Улуттар Уюмунун чокусу” деген
географиялык аталышты ыйгарууга макулдук берүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Президентинин Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппаратынын 2024-жылдын 8-августундагы №01-49-4147 сандуу катында көрсөтүлгөн Тянь-Шандын Сары-Жаз тоо кыркасынын Түштүк Эңилчек мөңгүсүнүн аймагында жайгашкан 5576 метр бийиктиктеги аты жок тоо чокусуна “Бириккен Улуттар Уюмунун чокусу” деген географиялык аталышты ыйгарууга сунуштаган Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин алдындагы Администрациялык-аймактык түзүлүштүн маселелерин жана географиялык аталыштарын кароо боюнча ведомстволор аралык комиссиянын өтүнүчүн карап жана талкуулап, жергиликтүү кенеш токтом кылат:
1. Тянь-Шандын Сары-Жаз тоо кыркасынын Түштүк Эңилчек мөңгүсүнүн аймагында жайгашкан 5576 метр бийиктиктеги аты жок тоо чокусуна “Бириккен Улуттар Уюмунун чокусу” деген географиялык аталышты ыйгарууга макулдук берилсин.
2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу Хан-Теңири айыл өкмөтүнүн башчысы С.Баракановго жана жергиликтүү кенештин мыйзамдуулук жана укук коргоо боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага И.Алымжан уулу