Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН
ТОКТОМУ
2024-жылдын 12-июлу № 386
Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин ишинин маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
Калкты жана аймактарды өзгөчө кырдаалдардан коргоо чөйрөсүндөгү иш-чаралардын натыйжалуулугун жогорулатуу максатында, "Кыргыз Республикасындагы лицензиялык-уруксат берүү тутуму жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 15-беренесинин 55-пунктуна, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 15-ноябрындагы № 262 "Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин айрым маселелери жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) жогоруда көрсөтүлгөн токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги жөнүндө жободо:
- 6-пункттун экинчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Министрликтин юридикалык дареги: 720033, Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары, Манас проспекти, 101/1, Жумабек көчөсү, 203/1; 723510, Кыргыз Республикасы, Ош шаары, Э.Алиев көчөсү, 172.";
- 11-пунктта:
2-пунктча төмөнкүдөй мазмундагы абзац менен толукталсын:
"- Кыргыз Республикасынын лицензиялык-уруксат берүү чөйрөсүндөгү мыйзамдарына ылайык өрткө каршы автоматика каражаттарын долбоорлоо, монтаждоо, жөндөө жана оңдоо, жыгач конструкцияларды жана күйө турган театралдык экспозициялык жабдууларды оттон коргоо боюнча ишти лицензиялоону жүзөгө ашырат;";
4-пунктча төмөнкүдөй мазмундагы абзац менен толукталсын:
"- суу транспорту менен сейилдөөнү жүзөгө ашырат;";
2) жогоруда көрсөтүлгөн токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигине караштуу Кризистик кырдаалдарда башкаруу борбору жөнүндө жободо:
- 10-пункт төмөнкүдөй мазмундагы абзацтар менен толукталсын:
"- Кыргыз Республикасынын бүткүл аймагында өрттү эсепке алууну жана анын статистикасын жүргүзөт;
- министрликтерге, мамлекеттик комитетке жана административдик ведомстволорго, жергиликтүү мамлекеттик администрацияларга, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына, менчигинин түрүнө карабастан уюмдарга Жарандык коргонуу мамлекеттик системасынын байланыш түйүндөрүнүн, башкаруу пункттарынын жана кабарлоо системаларынын туруктуу иштешин камсыз кылуу боюнча аткарууга милдеттүү болгон көрсөтмөлөрдү берет.";
- 11-пункт төмөнкүдөй мазмундагы абзац менен толукталсын:
"- өзүнүн ишинде учкучсуз учуучу аппараттарды колдонууга жана фотосүрөттөрдү андан ары топографиялык байланыштыруу менен белгиленген райондорду аэрофотосүрөткө тартууга, ошондой эле контролдоо объекттерин фото, видеодокументтештирүүгө мүмкүндүк берүүчү учкучсуз учуучу аппараттарды пайдалануу көндүмдөрүнө адистерди даярдоону жүзөгө ашырууга.";
3) жогоруда көрсөтүлгөн токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигине караштуу Суучулдарды даярдоо жана суу алдындагы техникалык иштерди аткаруу борбору (Суучулдар кызматы) жөнүндө жободо:
- 14-пункт төмөнкүдөй мазмундагы абзацтар менен толукталсын:
"- министрликтерге, мамлекеттик комитетке жана административдик ведомстволорго, жергиликтүү мамлекеттик администрацияларга, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына, менчигинин түрүнө карабастан уюмдарга өндүрүштүк, ден соолукту чыңдоочу же спорттук багыттагы, ошондой эле жарандардын жалпы эс алуучу суу объекттеринде коопсуздукту камсыз кылуу боюнча аткарууга милдеттүү болгон көрсөтмөлөрдү берет;
- суу транспорту менен сейилдөөнү жүзөгө ашырат.".
2. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 24-январындагы № 19 "Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
жогоруда көрсөтүлгөн токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигине караштуу Окуу-изилдөө борбору жөнүндө жободо:
- 9-пункт төмөнкүдөй мазмундагы абзац менен толукталсын:
"- министрликтерге, мамлекеттик комитетке жана административдик ведомстволорго, жергиликтүү мамлекеттик администрацияларга, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына, менчигинин түрүнө карабастан уюмдарга Жарандык коргонуу түзүмдөрүнүн жетекчилерин, кызмат адамдарын Жарандык коргонуу жаатында даярдоо жана квалификациясын жогорулатуу боюнча иш-чараларды аткарбагандыгы үчүн аткаруу үчүн милдеттүү болгон көрсөтмөлөрдү берүү.".
3. Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги:
1) ушул токтомдон келип чыгуучу зарыл болгон чараларды көрсүн;
2) ушул токтомдон келип чыгуучу иш-чараларды ишке ашырууну тиешелүү жылга каралган каражаттардын жана штаттардын чегинде жүзөгө ашырсын.
4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
5. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагас | А.У. Жапаров |