Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2024-жылдын 3-сентябры № 539
Финансылык ижара (лизинг) чөйрөсүндөгү айрым маселелер жөнүндө
(В редакции постановления Кабинета Министров КР от 20 июня 2026 года № 432)
Мамлекеттик органдардын лицензиялык ишин тартипке келтирүү максатында, "Финансылык ижара (лизинг) жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 51-беренесине, "Кыргыз Республикасындагы лицензиялык-уруксат берүү тутуму жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 8, 12, 25, 28-беренелерине, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. (Утратил силу в соответствии с постановлением Кабинета Министров КР от 20 июня 2026 года № 432)
2. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 10-декабрындагы № 300 "Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигинин ведомстволук бөлүмдөрүнүн жана уюмдарынын маселелери жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Финансы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө кызматы жөнүндө жободо:
- 3-пунктун экинчи абзацы "электрондук (виртуалдык) казино ишин" деген сөздөрдөн кийин ", лизинг ишин (Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын көзөмөлүндөгү юридикалык жактардын лизинг ишин кошпогондо)" деген сөздөр менен толукталсын.
3. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 14-декабрындагы № 678 "Иштин айрым түрлөрүн лицензиялоо маселелери жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Иштин айрым түрлөрүн лицензиялоо жөнүндө жобо төмөнкүдөй мазмундагы 91-глава менен толукталсын:
"91-глава. Лизинг компанияларынын ишин лицензиялоо өзгөчөлүктөрү
502. Лизинг компанияларынын ишин жүргүзүүгө (Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын көзөмөлүндөгү юридикалык жактарды кошпогондо) лицензия банктык эмес финансы рыногун көзөмөлдөө жана жөнгө салуу жаатындагы ыйгарым укуктуу орган тарабынан берилет.
503. Лизинг компанияларынын ишин жүргүзүүгө лицензия мөөнөтсүз болуп эсептелет жана Кыргыз Республикасынын бүткүл аймагында колдонулат.
504. Лизинг ишин жүргүзүүгө лицензияны алуу үчүн юридикалык жак кагаз же электрондук форматтагы төмөнкү документтерди кошумча берет:
1) уюштуруу келишими, юридикалык жактын уставы, юридикалык жактын уюштуруучуларынын жалпы чогулушунун чечими (бир уюштуруучу болсо) же протоколу (бирден ашык уюштуруучу болсо), анда төмөнкү маалыматтар камтылат:
- юридикалык жакты түзүү жөнүндө;
- жетекчини шайлоо/дайындоо жөнүндө;
- коллегиялык аткаруу органынын жетекчисин (жетекчилерин), директорлор кеңешин (болсо) шайлоо жөнүндө.
Ушул Жобого ылайык ыйгарым укуктуу органга берилген эки же андан көп барактагы уюштуруу келишиминин, юридикалык жактын уставынын жана уюштуруучунун чечиминин (уюштуруучулардын жалпы чогулушунун протоколунун) ар бир нускасы өзүнчө көктөлүүгө, номер коюлууга, юридикалык жактын жетекчиси же ыйгарым укуктуу адам тарабынан кол коюлууга, юридикалык жактын мөөрү (болсо) менен күбөлөндүрүлүүгө тийиш.
Уюштуруу келишимине юридикалык жактын бардык катышуучулары (катышуучулардын ыйгарым укуктуу өкүлдөрү) кол коюуга тийиш;
2) юридикалык жактын ыйгарым укуктуу башкаруу органынын чечими:
- башкы бухгалтерди дайындоо жөнүндө;
- филиалдардын жана өкүлчүлүктөрдүн жетекчисин (жетекчилерин) (болсо) дайындоо жөнүндө;
- юридикалык жактын уюштуруу түзүмү жөнүндө (башкаруу органдары, алардын функциялык милдеттери, каралуучу маселелердин чөйрөсү);
3) жетекчинин анкетасы, ошондой эле анын ушул Жободо белгиленген минималдуу квалификациялык талаптарга шайкештигин ырастаган маалыматтар жана документтер.
Коллегиялык аткаруу органынын, директорлор кеңешинин (болсо) жетекчилеринин анкеталары, ошондой эле алардын ушул Жободо белгиленген минималдуу квалификациялык талаптарга шайкештигин ырастаган маалыматтар жана документтер;
4) төмөнкүлөрдү камтыган бизнес-план:
- лизинг ишин жүргүзүүдө юридикалык жактын максаттары;
- 5 жылга болжолдуу эсептөөлөр жана лизинг ишин жүргүзүүдөн күтүлгөн экономикалык натыйжалар;
- лизинг ишин жүргүзүүгө байланыштуу жактар (лизинг компаниясы жана анын кардары) дуушар болгон тобокелдиктер, ошондой эле тобокелдиктерди башкаруунун ички системасы жөнүндө маалыматтар;
5) юридикалык жактын уставдык капиталын баалуу кагаздар рыногу чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарына ылайык өлчөмдө түзүүнү ырастаган документтер;
6) уюштуруучулар (уюштуруучу) тарабынан юридикалык жактын уставдык капиталына юридикалык жак үчүн белгиленген уставдык капиталдын минималдуу өлчөмүнүн 10%ынан ашык суммадагы акча каражаттары салынганда, акча каражаттарынын келип чыгуу булактарын аныктоого мүмкүндүк берген маалыматтарды камтыган документтер:
- Кыргыз Республикасынын ыйгарым укуктуу органдары тарабынан ырасталган финансылык отчеттуулуктун, салык декларацияларынын же финансылык абал жөнүндө башка документтердин көчүрмөлөрү;
- уставдык капиталды ырастоо үчүн:
иштеп жаткан лизинг компаниялары үчүн - өткөн календардык жыл үчүн аудитордук корутунду же коммерциялык банктан уставдык капиталдын төлөнгөндүгүн ырастоочу көчүрмө;
кайрадан ачылган лизинг компаниялары үчүн - коммерциялык банктын уставдык капиталдын төлөнгөндүгүн ырастаган көчүрмөсү;
- бул юридикалык жак тарабынан күбөлөндүрүлгөн юридикалык жактын уюштуруу документтеринин көчүрмөлөрү;
7) юридикалык жактын коммерциялык банкта алыш-бериш эсебинин бар экендигин ырастаган документ, акча каражаттарынын келип чыгуу булактарын ырастаган документтер;
8) салык органынан арыз берген учурда (юридикалык жак үчүн) бюджетке карыздын жок экендиги жөнүндө маалымкат;
9) лизинг келишиминин үлгүсү;
10) лизинг шарттары (эрежелери).
505. Лизинг ишине лицензиялык талаптар төмөнкүлөр болуп саналат:
- лизинг компаниясынын кардарлары менен өз ара аракеттенүү жүргүзүлгөн жай изоляцияланган касса менен жабдылууга тийиш;
- кассада акча каражаттарын сактоо үчүн күйбөй турган металл шкафтын (сейфтин) болушу;
- коопсуздукту камсыз кылуу үчүн лизинг компаниясынын жайы сейф, телефон, айгай баскычы, сигнализация, видеобайкоо камерасы, видео жазууларды сактоо үчүн компьютер, электр энергиясын үзгүлтүксүз берүү системасы, брондолгон металл эшик менен жабдылышы;
- уставдык капиталдын минималдуу өлчөмү 20000000 (жыйырма миллион) сомдон кем эмес өлчөмдө;
- лизинг компаниясынын кызмат адамдарынын квалификациялык талаптарга шайкештиги;
- отчеттуулукту берүү жана маалыматтарды ачуу боюнча лизинг иши чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарынын сакталышы;
- террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү жана террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарын ишке ашыруу боюнча чараларды көрүү боюнча лизинг компанияларынын милдеттениши;
- террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү боюнча ички контролду жүргүзүүгө жана террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарын ишке ашырууга жооптуу ички контролдоо кызматынын болушу;
- лизинг келишимин колдонуунун бүткүл мөөнөтүнө лизинг предметин камсыздандырышы.".
4. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
А.У. Жапаров |