Редакцияот 06.09.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТЕСКЕМЕСИ

 

2024-жылдын 6-сентябры № 531-т

 

1. Өзбекстан Республикасынын Дүйнөлүк соода уюмуна кириши жөнүндө Кыргыз Республикасы менен Өзбекстан Республикасынын делегацияларынын ортосундагы эки тараптуу сүйлөшүүлөрдүн протоколунун расмий тилдеги (расмий эмес котормо) тиркелген долбоору жактырылсын.

2. Кыргыз Республикасынын экономика жана коммерция министрине Өзбекстан Республикасынын Дүйнөлүк соода уюмуна кириши жөнүндө Кыргыз Республикасы менен Өзбекстан Республикасынын делегацияларынын ортосундагы эки тараптуу сүйлөшүүлөрдүн протоколуна принциптүү эмес мүнөздөгү өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү укугу менен кол коюуга ыйгарым укук берилсин.

 

 

Кыргыз Республикасынын

Министрлер Кабинетинин

Төрагасы

 

А.У. Жапаров