Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН тескемеси
2024-жылдын 9-сентябры № 538-т
Мамлекеттик ички жол-жоболорду аткаруу максатында, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине, "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кенешинин Регламенти жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 65-беренесине ылайык:
1. 2024-жылдын 4-июлунда Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Азия өнүктүрүү банкынын ортосундагы Кредиттик макулдашууга (Кадимки операциялар [жеңилдетилген]) (Туруктуу финансылык башкарууну жана мамлекеттик башкарууну жакшыртуу программасы - 1-чакан программа) жана Кыргыз Республикасы менен Азия өнүктүрүү банкынын ортосундагы Гранттык макулдашууга (Атайын операциялар) (Туруктуу финансылык башкарууну жана мамлекеттик башкарууну жакшыртуу программасы - 1-чакан программа) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин корутундусу тиркемеге ылайык жактырылсын.
2. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги жогоруда көрсөтүлгөн макулдашууларды ишке ашырууга жооптуу ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган болуп аныкталсын.
3. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин тиркелген корутундусу Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине жиберилсин.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
| А.У. Жапаров |
|
| Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 9-сентябрындагы № 538-т тескемеси менен жактырылган |
2024-жылдын 4-июлунда Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Азия өнүктүрүү банкынын ортосундагы Кредиттик макулдашууга (Кадимки операциялар [жеңилдетилген]) (Туруктуу финансылык башкарууну жана мамлекеттик башкарууну жакшыртуу программасы - 1-чакан программа) жана Кыргыз Республикасы менен Азия өнүктүрүү банкынын ортосундагы Гранттык макулдашууга (Атайын операциялар) (Туруктуу финансылык башкарууну жана мамлекеттик башкарууну жакшыртуу программасы - 1-чакан программа) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин КОРУТУНДУСУ
2024-жылдын 4-июлунда Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Азия өнүктүрүү банкынын ортосундагы Кредиттик макулдашуу (Кадимки операциялар [жеңилдетилген]) (Туруктуу финансылык башкарууну жана мамлекеттик башкарууну жакшыртуу программасы - 1-чакан программа) жана Кыргыз Республикасы менен Азия өнүктүрүү банкынын ортосундагы Гранттык макулдашуу (Атайын операциялар) (Туруктуу финансылык башкарууну жана мамлекеттик башкарууну жакшыртуу программасы - 1-чакан программа) (мындан ары - Макулдашуулар) Кыргыз Республикасынын Конституциясынын ченемдерине жана мыйзамдарына ылайык келет жана Кыргыз Республикасы катышуучу болуп саналган, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерге каршы келбейт.
Буга чейин Макулдашуулар Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Бюджет, экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитетинин 2024-жылдын 19-июнундагы № 6-6405/24 чечими менен, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитетинин 2024-жылдын 27-июнундагы № 6-7089/24 чечими менен, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 3-июлундагы № 395-т тескемеси менен жактырылган.
Көрсөтүлгөн Макулдашуулардын алкагында Кыргыз Республикасына кредиттик жана гранттык негизде 50 млн. АКШ доллары өлчөмүндө финансылык жардам көрсөтүлөт (43,0 млн. АКШ доллары - кредит жана 7,0 млн. АКШ доллары - грант).
Финансылык каражаттар республикалык бюджетти колдоого багытталган.
"Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 11 жана 12-беренелерине ылайык макулдашуулар Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине ратификациялоого киргизилет.
Макулдашууларды ратификациялоо кандайдыр бир финансы-экономикалык жана башка терс кесепеттерге, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мамлекеттик бюджетинен кошумча каржылоого алып келбейт.