АК-ТЕРЕК АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕНЕШИ
Т О К Т О М У
Бириккен Ак-Терек айылдык кенешинин уюштуруу сессиясынын
2024-жылдын 20-февралы №1
Бириккен Ак-Терек айылдык кенешинин төрагасын шайлоо боюнча добуш берүүнүн жыйынтыктары жөнүндө протоколду бекитүү тууралуу
“Кыргыз Республикасынын айыл аймактарынын жана шаарларынын деңгээлинде пилоттук режимде административдик-аймактык реформа жүргүзүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Президентинин 2023-жылдын 29-декабрындагы №370 Жарлыгын, Кыргыз Республикасынын Президентинин 2024-жылдын 7-февралындагы № 24 Жарлыгы менен бекитилген пилоттук режимде жүргүзүлүп жаткан административдик-аймактык реформанын алкагында жергиликтүү кеңештердин иши жѳнүндѳ Убактылуу жобону жетекчиликке алып, токтом кылат:
1. Ак-Терек айыл аймагынын жергиликтүү кеңешинин төрагасын шайлоо боюнча добуш берүүнүн жыйынтыктары жөнүндө 2024-жылдын 20-февралындагы №1 протоколу бекитилсин.
Ак-Терек айыл аймагынын жергиликтүү кеңешинин Барыктабасов Бекжан Барыктабасович шайланган төрагасы деп таанылсын. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү өзүмө калтырам.
Төрага Г.Т. Атантаева