Сравнение редакций…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2024-жылдын 23-июлу № 405
Мамлекеттик мүлктү муниципалдык менчикке өткөрүп берүүнүн тартибин бекитүү жөнүндө
(КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 10-ноябрындагы № 733 токтомунун редакциясына ылайык)
Мамлекеттик мүлктү жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын муниципалдык менчигине өткөрүп берүүнүн тартибин аныктоо максатында, "Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 5, 6-беренелерине, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Мамлекеттик мүлктү муниципалдык менчикке өткөрүп берүүнүн тартиби тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. (КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 10-ноябрындагы № 733 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 23-июнундагы № 407 "Транспорт каражаттарын, түзүлүштөрдү жана жабдууларды каттоо маселелери жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Транспорт каражаттарын, түзүлүштөрдү жана жабдууларды, ошондой эле аларга карата менчик укуктарын мамлекеттик каттоо, кайра каттоо эрежелеринде:
- 24-пункттун онунчу абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"- мамлекеттик менчикте турган транспорт каражатынын менчик ээси алмашканда - мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча ыйгарым укуктуу органдын чечими;".
4. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
| А.Жапаров |
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2024-жылдын 23-июлу № 405
Мамлекеттик мүлктү
муниципалдык менчикке өткөрүп берүүнүн
тартибин бекитүү жөнүндө
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 10-ноябрындагы № 733, 2025-жылдын 27-ноябрындагы № 760 токтомдорунун редакцияларыны ылайык)
Мамлекеттик мүлктү жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын муниципалдык менчигине өткөрүп берүүнүн тартибин аныктоо максатында, "Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 5, 6-беренелерине, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Мамлекеттик мүлктү муниципалдык менчикке өткөрүп берүүнүн тартиби тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. (КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 10-ноябрындагы № 733 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
3. (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 27-ноябрындагы № 760 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
4. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
| А.У. Жапаров |