Редакцияот 19.09.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

АК-ТЕРЕК АЙЫЛ АЙМГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕНЕШИ

 

Т О К Т О М

 

 Ак-Терек  айыл аймагынын жергиликтүү  кенешинин VII-чакырылышынын II-кезексиз  сессиясынын

 

2024-жылдын 29-февралы №3                                                                           

 

“Ак-Терек айыл аймагынын жергиликтүү  кеӊеши”

  мекемесин түзүү жөнүндө

 

“Кыргыз Республикасынын айыл аймактарынын жана шаарларынын деңгээлинде пилоттук режимде административдик-аймактык реформа жүргүзүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Президентинин 2023-жылдын 29-декабрындагы №370 Жарлыгын, Кыргыз Республикасынын Президентинин 2024-жылдын 7-февралындагы № 24 Жарлыгы менен бекитилген пилоттук режимде жүргүзүлүп жаткан административдик-аймактык реформанын алкагында жергиликтүү кеңештердин иши жѳнүндѳ Убактылуу жобону жетекчиликке алып  жергиликтүү кенеш токтом кылат:

 

1.     “Ак-Терек айыл аймагынын жергиликтүү кенеши” мекемеси Кыргыз Республикасынын Президентинин 2024-жылдын 7-февралындагы № 24 Жарлыгы менен бекитилген пилоттук режимде жүргүзүлүп жаткан административдик-аймактык реформанын алкагында жергиликтүү кеңештердин иши жѳнүндѳгү Жобонун негизинде Кѳл-Тѳр айылдык кенеши бириккендигине байланыштуу түзүлгөн  “Ак-Терек айыл аймагынын жергиликтүү кенеши” мекемеси  мамлекеттик  каттоодон өткөрүлсүн.

 

2.     Жергиликтүү кеңештин уюштуруу-укуктук формасы – мекеме.

      жергиликтүү толук фирмалык аталышы:

¾    Мамлекеттик тилде: “Ак-Терек айыл аймагынын жергиликтүү кеңеши” мекемеси;                                                     

¾    Расмий тилде: Учреждение “местный кенеш айылного аймака Ак-Терек”;

Айылдык кеңештин кыскартылган фирмалык аталышы:

¾    Мамлекеттик тилде: “ Ак-Терек айыл аймагынын  жергиликтүү кеңеши”  м-и;

¾    Расмий тилде: У-е “ Местный  кенеш Ак-Терек”;

2.2.                 Мекеменин жайгашкан жери (юридикалык дареги): Кыргыз Республикасы, Ысык-Көл облусу, Тоӊ району, Кара-Коо  айылы, Батыркан көчөсү №29.

3.     Юридикалык жактын уюштуруучусу – жергиликтүү кеӊештин депутаттары.

 

4.     Ак-Терек айыл аймагынын жергиликтүү кеңешинин Жобосу жаӊы редакцияда бекитилсин.

5.      Кѳл-Тѳр айылдык кенешинин жана Ак-Терек айылдык кеӊешинин     өткөрүп берүү актылары     бекитилсин.

6.      “Ак-Терек айыл аймагынын жергиликтүү кенеши” мекемесин Ысык-Көл областтык юстиция башкармалыгынан мамлекеттик   каттоодон өткөрүү жагы айылдык кенештин жооптуу катчысы М.Эсеналиевага милдеттендирилсин.

 

7.     Мамлекеттик   каттоо жөнүндө чечимде андагы көрсөтүлгөн маалыматтардын, ошондой эле мамлекеттик  каттоо үчүн тапшырылган документтерди маалыматтардын анык экендиги   ырасталат.

7. Жергиликтүү кеӊеш юридикалык жак катары Кыргыз Республикасынын Юстиция органынан мамлекеттик катоодон ѳткѳрүлсүн.

8.     Токтом сайтка жайгаштырылып, юстиция органына мамлекеттик реестрге киргизүү үчүн жиберилсин.

9.     Токтомдун аткарылышын кѳзѳмѳлдѳѳ жагын ѳзүмѳ калтырылсын.

 

 

Төрага                                                                                                    Б.Б.Барыктабасов