Редакцияот 19.09.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

АК-ТЕРЕК АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕНЕШИ

 

 

ТОКТОМ

 

Ак-Терек айыл аймагынын жергиликтүү  кенешинин

II-кезексиз  сессиясы

 

2024-жылдын 28-марты №5                                                                           

 

“Ак-Терек айыл аймагынын айыл өкмөтү” мекемеси

айыл өкмөтүн түзүү жөнүндө

 

“Кыргыз Республикасынын айыл аймактарынын жана шаарларынын деңгээлинде пилоттук режимде административдик-аймактык реформа жүргүзүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Президентинин 2023-жылдын 29-декабрындагы №370 Жарлыгын, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 7-февралындагы №52 “Пилоттук режимде административдик-аймактык реформа жүргүзүү мезгилинде Кыргыз Республикасынын Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун аткаруу органдарынын ишин уюштуруу жөнүндө” токтомун, Кыргыз Республикасынын Жарандык Кодексинин 92-беренесин, “Кыргыз Республикасынын Жергиликтүү○ мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамын жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 31-мартындагы №178 токтому менен бекитилген “Юридикалык жактарды, филиалдарды (өкүлчүлүктөрдү) мамлекеттик каттоонун тартиби жөнүндө” Жобону жетекчиликке алып, Ак-Терек айыл аймагынын жергиликтүү  кеңеши токтом кылат:

1.              “Көл-Төр айыл аймагынын айыл өкмөтү” мекемеси жана “Ак-Терек айыл аймагынын айыл өкмөтү” мекемесин бириктирүү жолу менен “Ак-Терек айыл аймагынын айыл өкмөтү” мекемеси болуп түзүлсүн.

Юридикалык жактын толук аталышы:

- Мамлекеттик тилде: “Ак-Терек айыл аймагынын айыл өкмөтү” мекемеси;

- Расмий тилде: Учреждение “Айыл окмоту айыльного аймака Ак-Терек”.

Кыскартылган аталышы:

- Мамлекеттик тилде: “Ак-Терек айыл аймагынын айыл өкмөтү” м-и;

- Расмий тилде: У-е “Айыл окмоту айыльного аймака Ак-Терек”.

2.                          “Ак-Терек айыл аймагынын айыл өкмөтү” мекемесине өткөрүп берүү актысы бекитилсин (тиркеме тиркелет).

3.                          “Ак-Терек айыл аймагынын айыл өкмөтү” мекемесинин Жобосу бекитилсин.

4.                          “Ак-Терек айыл аймагынын айыл өкмөтү” мекемесинин юридикалык дареги болуп, Кыргыз Республикасы, Ысык-Көл областы, Тоң району, Кара-Коо айылы, Батыркан көчөсү №29 болуп аныкталсын.

5.                          “Ак-Терек айыл аймагынын айыл өкмөтү” мекемесинин “Ак-Терек айыл аймагынын жергиликтүү кеңеши” мекемеси уюштуруучусу болуп эсептелет. Каттоо номери 301415-3302-У-е УЖКнын коду 32668159 ИСН 02803202410270

6.                         Мекеме Кыргыз Республикасынын иштөөдөгү мыйзамдарына ылайык Кыргыз Республикасынын юстиция органдарында мамлекеттик каттоодон өткөрүлсүн.

Токтомдо көрсөтүлгөн маалыматтардын, ошондой эле мамлекеттик каттоо үчүн тапшырылган документтердеги маалыматтардын аныктыгы ырасталат.

 

Төрага                                                                                         Б.Б. Барыктабасов