АК-ТЕРЕК АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕНЕШИ
ТОКТОМ
Ак-Терек айыл аймагынын жергиликтүү кеңешинин
VII-чакырылышындагы III-кезектеги сессиясы
2024-жылдын 15-апрели №7
Кыргыз Республикасынын айыл аймактарынын жана шаарларынын деңгээлинде пилоттук режимде административдик-аймактык реформаны жүргүзүүнүн алкагында Ысык-Кѳл облусунун Тоӊ районунун, Ак-Терек айыл аймагынын Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жер ресурстары, кадастр, геодезия жана картография боюнча мамлекеттик агенттигинин “Кыргызмамжердолбоор” мамлекеттик ишканасы тарабынан түзүлгөн Ак-Терек айыл аймагынын административдик чек арасынын схемалык картасын карап чыгып, жана талкуулап Ак-Терек айыл аймагынын жергиликтүү кеңеши төмөнкүдөй чечим кабыл алды:
1. Ак-Терек айыл амагынын административдик чек арасынын схемалык картасы жана ага тиркелген чек ара баяндамасына макулдук берилсин.
2. Ак-Терек айыл аймагынын жергиликтүү кеңешинин төрагасына жана Ак-Терек айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысына Схемалык картага кол коюу тапшырылсын.
3. Бул токтомдун көчүрмөсү Тоӊ райондук мамлекеттик администрациясына жөнөтүлсүн.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү өзүмө калтырам.
Тѳрага Б.Б. Барыктабасов