АК-ТЕРЕК АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕНЕШИ
ТОКТОМ
Ак-Терек айыл аймагынын жергиликтүү кеңешинин
VII-чакырылышындагы III-кезектеги сессиясы
2024-жылдын 15-апрели №12
Ак-Терек айыл аймагынын Бар-Булак айылындагы “Токтобеков Сапар” атындагы таза суу муниципалдык ишканасынын таза сууга болгон акысын бекитүү жѳнүндѳ
Ак-Терек айыл аймагынын Бар-Булак айылындагы “Токтобеков Сапар” атындагы таза суу муниципалдык ишканасынын жетекчиси Б.Джилькичиевдин кайрылуусунун негизинде.кайрылуусунун негизинде, Ак-Терек айыл аймагынын жергиликтүү кеӊешинин бюджет, экономика, инвестиция, тышкы байланыш боюнча туруктуукомиссиясынын сунушун угуп, талкуулап Ак-Терек айыл аймагынын жергиликтүү кеңеши токтом кылат:
1. Бар-Булак айылындагы “Токтобеков Сапар” атындагы таза суу муниципалдык ишканасынын таза суусунун акысы (тарифи) бир кубуна (тн) 78 (жетимиш сегиз) сом болуп бекитилсин.
2. Токтомдун аткарылышын Бар-Булак айылындагы “Токтобеков Сапар” атындагы таза суу муниципалдык ишканасынын жетекчиси Б.Джилькичиевге тапшырылсын.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы, Ак-Терек айыл аймагынын жергиликтүү кеӊешининбюджет, экономика, инвестиция, тышкы байланыш боюнча туруктуукомиссиянын төрайымы Р.Молдобаевага милдеттендирилсин.
Тѳрага Б.Б. Барыктабасов
Жооптуу катчы М.Б. Эсеналиева