Редакцияот 19.09.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 

АК-ТЕРЕК АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕНЕШИ

 

 

ТОКТОМ

 

          Ак-Терек айыл  аймагынын жергиликтүү  кеңешинин

VII-чакырылышындагы III-кезектеги сессиясы

 

2024-жылдын 15-апрели №14                        

 

Ак-Терек айыл аймагынын Тогуз-Булак айылындагы ИСКАКБнын “Бай-Сереӊ”  атындагы таза суу муниципалдык ишканасынын  таза сууга болгон акысын (тариф) бекитүү жѳнүндѳ

        

       Тогуз-Булак айылынын “Бай-Сереӊ”  ИСКАКБнын тѳрагасы Н.Орозобековдун кайрылуусунун негизинде, Ак-Терек айыл аймагынын жергиликтүү кеӊешинин  бюджет, экономика, инвестиция, тышкы байланыш боюнча туруктуукомиссиясынын сунушун угуп, талкуулап  Ак-Терек айыл аймагынын жергиликтүү кеңеши токтом кылат:

 

 

1.     Ак-Терек айыл аймагынын Тогуз-Булак айылындагы ИСКАКБнын “Бай-Сереӊ” атындагы таза суу муниципалдык ишканасынын  таза сууга болгон акысын  (тариф) бир кубуна (тн) 30 сом  болуп бекитилсин

 

2.     Токтомдун аткарылышын Тогуз-Булак айылынын “Бай-Сереӊ”  ИСКАКБнын тѳрагасы Н.Орозобековго тапшырылсын.

 

3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы, Ак-Терек айыл аймагынын жергиликтүү кеӊешининбюджет, экономика, инвестиция, тышкы байланыш боюнча туруктуукомиссиянын төрайымы Р.Молдобаевага  милдеттендирилсин.

 

 

Тѳрага                                                                                                  Б.Б. Барыктабасов

 

Жооптуу катчы                                                                                  М.Б. Эсеналиева