Редакцияот 19.09.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

АК-ТЕРЕК АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕНЕШИ

 

 

ТОКТОМ

 

 Ак-Терек айыл  аймагынын жергиликтүү  кеңешинин

VII-чакырылышындагы III-кезектеги сессиясы

 

2024-жылдын 15-апрели №15                                                                        

 

Ак-Терек айыл аймагынын “Нива” кызматтык авто унаасынын ремонтуна

акча каражатын кароо жѳнүндѳ

        

      “Нива” кызматтык авто унаасынын ремонтуна акча каражатын кароо жѳнүндѳ Ак-Терек айыл өкмөтүнүн ФЭБ башчысы К.М.Абдыраевдин маалыматын жана Ак-Терек айыл аймагынын жергиликтүү кеӊешинин  бюджет, экономика, инвестиция, тышкы байланыш боюнча туруктуукомиссиясынын сунушун угуп жана талкуулап,  Ак-Терек айыл аймагынын жергиликтүү кеңешинин сессиясы токтом кылат:   

 

1.     “Нива” кызматтык авто унаасынын ремонтуна акча каражатын кароо жагы күйүүчү майга бѳлүнгѳн акчадан 100 000 (жүз миӊ) сом авто унаа тетиктерин алууга бѳлүнсүн.

 

2. Токтомдун аткарылышын финансы бѳлүмүнүн башчысы К.Абдыраевге тапшырылсын.

 

3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы, Ак-Терек айыл аймагынын жергиликтүү кеӊешининбюджет, экономика, инвестиция, тышкы байланыш боюнча туруктуукомиссиянын төрайымы Р.Молдобаевага  милдеттендирилсин.

 

 

Тѳрага                                                                                                  Б.Б. Барыктабасов

 

Жооптуу катчы                                                                                  М.Б. Эсеналиева