Редакцияот 19.09.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

АК-ТЕРЕК АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН ЖЕРГИЛИКТУУ КЕНЕШИ

 

ТОКТОМ

 

 Ак-Терек айыл  аймагынын жергиликтүү  кеңешинин

VII-чакырылышындагы III-кезектеги сессиясы

 

2024-жылдын 15-апрели №18                                                                        

 

Ак-Терек айыл ѳкмѳтүнүн аймагында таштандыларды ташып чыгуу үчүн жыйымдардын тѳлѳмдѳрүнүн жеке жактар үчүн ар бир түтүнгѳ айына 100 (жүз) сомдон бекитүү  жѳнүндѳ

        

           Ак-Терек айыл ѳкмѳтүнүн аймагында таштандыларды ташып чыгуу үчүн жыйымдардын тѳлѳмдѳрүнүн жеке жактар үчүн ар бир түтүнгѳ айына 100 (жүз) сомдон бекитүү жѳнүндѳ, Ак-Терек айыл аймагынын жергиликтүү кеӊешинин тѳрагасынын                Б.Б. Барыктабасовдун  маалыматын угуп жана талкуулап,  Ак-Терек айыл аймагынын жергиликтүү кеңешинин сессиясы токтом кылат:   

 

1.    Ак-Терек айыл ѳкмѳтүнүн аймагында таштандыларды ташып чыгуу үчүн жыйымдардын  тѳлѳмдѳрүнүн ѳлчѳмү  жеке жактар үчүн ар бир түтүнгѳ айына                        100 (жүз) сомдон бекитип берилсин жана Ак-Терек айыл аймагынын айыл ѳкмѳтүнѳ тапшырылсын.

 

2. Токтомдун аткарылышын финансы бѳлүмүнүн башчысы К.Абдыраевге тапшырылсын.

 

3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы, Ак-Терек айыл аймагынын жергиликтүү кеӊешининбюджет, экономика, инвестиция, тышкы байланыш боюнча туруктуукомиссиянын төрайымы Р.Молдобаевага  милдеттендирилсин.

 

 

Тѳрага                                                                                                  Б.Б. Барыктабасов

 

Жооптуу катчы                                                                                  М.Б. Эсеналиева