АК-ТЕРЕК АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН ЖЕРГИЛИКТУУ КЕНЕШИ
ТОКТОМ
Ак-Терек айыл аймагынын жергиликтүү кеңешинин
VII-чакырылышындагы III-кезектеги сессиясы
2024-жылдын 15-апрели №19
Ак-Терек айыл аймагынын жергиликтүү кеңешинин
иш кагаздарын бүтүрүүгө акча каражатын кароо жѳнүндѳ
“Ак-Терек айыл аймагынын жергиликтүү кеӊеши” мекемеси Кыргыз Республикасынын Президентинин 2024-жылдын 7-февралындагы № 24 Жарлыгы менен бекитилген пилоттук режимде жүргүзүлүп жаткан административдик-аймактык реформанын алкагында жергиликтүү кеңештердин иши жѳнүндѳгү Жобонун негизинде, Кѳл-Тѳр айылдык кеӊеши бириккендигине байланыштуу түзүлгөн “Ак-Терек айыл аймагынын жергиликтүү кеӊеши” мекемеси түзүлүп мамлекеттик каттоодон өткөрүлүп, мѳѳр алганга, СЭД коштуруп келишим түзгѳнгѳ, иш кагаздарды бүтүрүү боюнча, Ак-Терек айыл аймагынын жергиликтүү кеӊешинин тѳрагасы Б.Б. Барыктабасовдун маалыматын угуп жана талкуулап, Ак-Терек айыл аймагынын жергиликтүү кеңешинин сессиясы токтом кылат:
1. “Ак-Терек айыл аймагынын жергиликтүү кеӊеши” мекемеси Кыргыз Республикасынын Президентинин 2024-жылдын 7-февралындагы № 24 Жарлыгы менен бекитилген пилоттук режимде жүргүзүлүп жаткан административдик-аймактык реформанын алкагында жергиликтүү кеңештердин иши жѳнүндѳгү Жобонун негизинде, Кѳл-Тѳр айылдык кеӊеши бириккендигине байланыштуу түзүлгөн “Ак-Терек айыл аймагынын жергиликтүү кеӊеши” мекемеси түзүлүп мамлекеттик каттоодон өткөрүлүп, мѳѳр алганга, СЭД коштуруп келишим түзгѳнгѳ, иш кагаздарды бүтүрүүгө: СЭДке келишим түзүүгѳ 1967 сом (бир миӊ тогуз жүз алтымыш жети), печать, штамп алууга 3700 (үч миӊ жети жүз) сом, Тоӊ районунун архиви менен келишим аткарууга Кѳл-Тѳр айылдык кеӊеши менен 2597 (эки миӊ беш жүз токсон жети) сом, Ак-Терек айылдык кеӊеши менен 1605 (бир миӊ алты жүз беш) сом акча каражаты каралсын.
2. Токтомдун аткарылышын финансы бѳлүмүнүн башчысы К.Абдыраевге тапшырылсын.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагын Ак-Терек айыл аймагынын жергиликтүү кеӊешининбюджет, экономика, инвестиция, тышкы байланыш боюнча туруктуукомиссиянын төрайымы Р.Молдобаевага милдеттендирилсин.
Тѳрага Б.Б. Барыктабасов
Жооптуу катчы М.Б. Эсеналиева