Редакцияот 18.09.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ГҮЛЧӨ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Гүлчө айылдык кеңешинин 7-чакырылышынын кезектеги 19-отуруму

2023-жылдын 18-сентябрындагы № 19/19

Гүлчө айылынын  тургуну Шарабидинов Улукбекке   Курманжан датка  сейил багынан келишимдин  негизинде убактылуу  ижарага жер берүү жөнүндө

 

          Гүлчө айылдык Кеңешинин  7-чакырылышынын кезектеги  19-отуруму, Гүлчө айылынын тургуну Шарабидинов Улукбектин    билдирүүсүн угуп  жана талкуулап,  КРнын «Жергиликтүү  мамлекеттик  администрация жана жергиликтүү   өз  алдынча   башкаруу    органдары  жөнүндөгү»      Мыйзамынын      34-беренесинин    2- пунктарынын         негизинде  Гүлчө айылдык   Кеңеши

 

                                              Т О К Т О М    К Ы Л А Т:

 1.  Гүлчө  айыл  өкмөтүнө караштуу      Курманжан  датка эс алуу багынан   келишимдин  негизинде   Шарабидинов  Улукбекке   убактылуу ижарага жер  берилсин.

 2.  Тиешелүү  токтом   боюнча    иш-кагаздарын  тактап, мыйзам  чегинде   иш   алып баруу   жагы  Гүлчө  айыл   өкмөтүнүн   жер   боюнча башкы    адис    Р.Какаровго  милдеттендирилсин.

3.  Бул  токтомдун   мыйзам   чегинде   аткарылышын    көзөмөлдөө  жагы  Гүлчө  айыл  өкмөтүнүн   башчысы    С . Исаевге      милдеттендирилсин.

4.  Кабыл   алынган токтомдун   мыйзам    чегинде   аткарылышын  көзөмөлдөө   жагы агрардык    жер   жана  жер  реформасы ,  муниципалдык менчик,  коммуникация    жана  жол    маселеси боюнча  туруктуу комиссиясына    тапшырылсын.

 

Төрага                                                                                                       К.Т.Исмаилов